Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:44

Доналд Рамсфелд Иракта жүрөт


БАГДАД. Бүгүн Иракка барган АКШнын коргоо министри Доналд Рамсфелд дароо коалициянын жетекчилиги менен жолугушту. Анын соңунан Багдадда "Абу Грэйб" түрмөсүнө баргандыгы кабарланды. Коргоо министрин штаб башчыларынын бириккен комитетинин башчысы Ричард Майерс коштоп жүрөт. Буга чейин АКШнын сенаторлору мазакталган ирактыктардын сүрөттөрүн көрүп, аны жосунсуз жорук катары сынга алышты.

Бул аралыкта АКШ аскерлери менен динаятчы Моктада ас-Садрдын тарапкерлеринин кагылышуулары шийилердин ыйык шаарлары Кербала менен Нажафта уланууда. Дарыгерлердин айтымында, капыстан урулган соккудан эки ирактык өлүп, алтоо жараат алды. Кечээ танка жана аба күчтөрү аркылуу урулган соккунун учурунда Кербалада ас-Садрдын 22 тарапкери өлүп, АКШнын жоокерлери жаракат алганы айтылган. Ал эми Багдадда бомбанын жарылышынан бир америкалык аскер набыт болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG