Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:11

СЕРБДЕР БИРИККЕН УЛУТТАР УЮМУНУН ПЛАНЫНА ТОЛУК ИШЕНИШПЕЙТ


Бурулкан Сарыгулова, Прага Косоводо эл аралык коомчулуктун колдоосу менен ишке аша турган реформа аймактагы серб азчылыгынын укуктарын жана коопсуздугун камсыздоого негизделиши керек. Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин шейшембидеги отурумунда Сербия-Черногория тышкы иштер министри Вак Драскович ушундай көз карашын билдирди. Улуттар Уюмунун демилгеси менен Белградда иштелип чыккан реформалоо планы Косовонун өнүгүү стандарттарын аныктоо максатын көздөйт. Стандарттарды аныктоого бир жыл чектелген.

Драсковичтин Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде айтканына караганда, эл аралык уюмдардын кылмыштуулукка жетиштүү маани бербей коюшу серб элинин узак жылдар жабыркашын ыңгайлаштырды. Ал эми быйылкы марттагы кандуу кагылыш кайдыер мамиленин бир көрүнүшү болду. Ушундай пикирин билдирген Сербиянын тышкы иштер министринин жаңы планы ишке ашса, ал эки улуттун ынтымагына өбөлгө түзөрүнөн ишеним бар.

Бир жыл мөөнөт берилген план башкарууга улуттардын бирдей катышуусу, күч структураларынын, соттун ишинин натыйжалуулугун камсыздоо, качкындарды каалоосуна жараша кайтаруу, дарексиз жоголгондорго издөө салуу өңдүү өңүттөрдү камтыйт.

Бирок сербдер тараптарды ийге келтирүүчү кандайдыр бир пландын ишке ашышына ишенишпейт. Ошол себептен алар планды иштеп чыгууга катышкан жок. Серб өкүлдөрү планга албандардын 2005-жылга чейин эгемендикке жетишүү талабын ишке ашыруу үчүн жасалган кезектеги аракет катары карашат.

Сербдердин ынаган жагы - марттагы кагылышта талкаланган үйлөр менен чиркөөлөрдү калыбына келтирүү боюнча албандардын милдеттенмеси болууда. Буга Косово бийлиги 5 миллион евро бөлдү. Бирок Драскович Коопсуздук кеңешинде мартта эле эмес, өткөн беш жыл ичинде талкаланган маданий, социалдык жайларды, менчик үйлөрдү калыбына келтирип берүүнү кепилдеген жаңы программа даярдоо зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле ал чиркөө жана монастыр өңдүү дүйнөлүк маданий мурастардын эл аралык коопсуздук күчтөрү тарабынан кайтарууга алыныш зарыл деп санады:

- Мен эл аралык уюмдарды сербдерге жана албан эмес улуттарга 1999-жылдын 10-июнунан кийин албан журтчулугуна жардам берген сыяктуу эле көмөк көрсөтүүгө чакырам.

Улуттар Уюмунун Косоводогу администратору Харри Холкери өз кезегинде серб журтчулугунун жашоосун жөнгө салуу реформанын башкы максаттарынын бири болуп жатканын айтты. Ошондой болсо да долбоорго серб кызматкерлеринин катышпай жатканына өкүнүчүн билдирип, диологдорго катышууну стабилдүүлүккө умтулуунун негизги ыкмасы катары белгиледи:

- Мен алардын жакында болгон зомбулуктан кийинки шекшинүүсүн түшүнүп турам, бирок катышуунун өзү алардын укуктарынын корголуп жаткандыгын, алардын үнү угулуп жаткандыгын кепилдөөчү ыкма.

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү ар кыл өңүттөрдөгү сунуштарды эске алуу менен бирге, демократиялаштыруунун стандарттарынан четтебөө башкы милдеттерден экендигин белгилешти.

Коопсуздук кеңеши бул ирет косоволук албандарды улуттук азчылыктын укуктарын коргоого даяр экендигин иш жүзүндө көрсөтүүгө чакырды.
XS
SM
MD
LG