Марк Браун буга чейин президент Аскар Акаев, өкмөт башчы Николай Танаев менен жекеме-жеке жолугушууларды өткөрдү. Ошондой эле ал Бишкектеги Ооганстанды калыбына келтирүүгө арналган эл аралык конференцияга катышып, сөз сүйлөдү. Иш сапарынын соңунда Марк Браун журналистерге маалымат жыйынын өткөрдү.
Адегенде ал өзүнүн Кыргызстанга болгон иш сапарынын максатын мындайча түшүндүрдү:
- Бул жолку иш сапардын эки негизги максаты бар деп айтсак болот. Биринчиден, кечээги Бишкекте өткөн эл аралык конференцияда айтылгандай, иш сапар аймактагы өлкөлөрдүн экономикалык байланышын чыңдоого арналды. Аймактагы өлкөлөр башканы айтпаганда да бири-бири менен суу, электр кубаты, газ жана унаа каттамы, виза жана башка маселер боюнча байланышып турууга муктаж. Менин оюмча, аймактагы өлкөлөрдүн бири-бири менен өз ара байланышын, кызматташтыгын чыңдоого жетишүүсү бул өлкөлөрдүн өнүгүшүнө өбөлгө болоорунда шек жок. Ошондой эле, менин иш сапарымдын экинчи бир максаты - аймактагы демократиянын өнүгүшү менен жакындан таанышып, жарандык коомдун өсүшүнө колдоо көрсөтүү деп айтсак болот.
Ошондой эле, БУУ өкүлү Аскар Акаев менен жекеме- жеке бир нече саат бою сүйлөшкөндүгүн айтып, мамлекет башчысы келээрки президенттик шайлоого катышпай тургандыгын билдирди:
- Аскар Акаев буга чейин коомчулукка жана БУУнун баш катчысы менен, мени менен, ошондой эле башкалар менен жолугушканда да келээрки президенттик шайлоого талапкер катары катышпай тургандыгын айткан. Ал өзүнүн шайлоого катышуусуна өлкөнүн Башмыйзамы жол бербей тургандыгын маалымдаган. Демек, биз Аскар Акаевдин сөзүн чындык деп эсептейбиз жана ага ишенебиз.
Андан аркы сөзүндө Марк Браун келечекте БУУнун Кыргызстанга болгон жардамы көбөй тургандыгын билдирди:
- БУУнун Өнүктүрүү программасынын алкагында өткөн жылы Кыргызстанга 3 миллион доллар жардам берилген. Ал эми үстүбүздөгү жылы Кыргызстанга 14,5 миллион доллар жардам келет. Демек, бул Кыргызстанга болгон жардам өткөн жылга салыштырганда жогорулады десек болот.