Журналдын Москвада чыгуучу басылмасы Орусиядагы эң бай адам катары алты айдан бери абакта отурган "ЮКОС" мунай компаниясынын мурдагы жетекчиси М.Ходорковскийди атап, анын байлыгын 15 млрд. 200 млн. долларга баалады. 2-орунду 12 жарым млрд. долларлык каражат-мүлкү менен "Сибнефть" мунай компаниясынын башчысы Роман Абрамович ээледи. Журнал Орусияда бардыгы 36 миллиардер бар экенин эсептеп чыгып, алардын арасына алгачкы ирет аялдардын өкүлүн – Москва мэринин жубайы Елена Батуринаны кошкон. "Форбс" жазгандай, дүйнөдөгү башка бир да шаарда Москвадагыдай көп миллиардер жашабайт жана Орусиядагы 36 "чириген байдын" мүлк-каражаты - өлкөнүн ички дүң продуктысынын төрттөн бирине барабар.
Кабарларды даярдаган Венера Сагындык кызы, Прага.
Кабарларды даярдаган Венера Сагындык кызы, Прага.