Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:49

ТАЖИКСТАНДЫК ЖӨӨТТӨРДҮН СИНАГОГАСЫ БУЗУЛАБЫ?


Сапар Орозбаков, Прага Тажикстандын борбору Дүйшөмбүдө 500гө жакын жөөт бар. Саны аз болгон менен, алардын тарыхы терең. Коомчулукка“бухаралык еврейлер” деген ат менен белгилүү болгон бул жөөттөр мындан болжол менен миң жыл мурда келип отурукташып калган. Ошондон бери алар бири-бирин алмаштырган улуу империяларды башынан кечиришип, бир нече кылымдар бою тажиктер менен коюн-колтук алышып жашап келе жатышат. Алардын шаардагы жалгыз сыйынуучу жайы - синагоганы жергиликтүү бийликтер, ал жайгашкан жер кайра курулуп чыгууга тийиш деп, буза тургандыктарын билдиришүүдө. Буга тынчсызданган жөөттөр өздөрүнүн синагогасын сактап калууга аракет кылып жатышат.

Дүйшөмбү шаарындагы жөөттөр тобунун башчысы Михаил Абдрехменовдун айтымында, синагога Дүйшөмбүдөгү Исмаил Самани районунда жайгашкан. Райондун жетекчилери шаарды кайра куруу планына ылайык аталган синагога түртүп салынып, анын ордуна эс алуучу жай куруларын билдиришкен:

- Биз Исмаил Самани районунан синагога бузулуп, анын ордуна парк курулат деген кат алдык. Синагога ал жерде 100 жылдан бери турат. Биз аны сактап калууну каалайбыз, – деди раввин Михаил Абдрехменов “Азаттык” радиосунун кабарчысы менен болгон маегинде.

Мусулман динин туткан Борбор Азия элинин арасына келип, жөөттөрдүн жашап калышы - тарыхий терең тамырга ээ окуя. Мындан болжол менен миң жыл илгери ооп келип туруп калган жөөттөрдүн ордосу - Бухара шаары болгон. Ошондуктан алар коомчулукка “бухара еврейлери” деген ат менен белгилүү. Бул жерде бири-бирин алмаштырган улуу империялар бухаралык еврейлердин ээн-эркин жашоосуна шарт түзүп берип, бул чакан калктын маданияты жүздөгөн жылдар бою сакталып келген.

Бирок Борбор Азиядагы еврейлердин саны 1991-жылы Советтер биримдиги кулагандан кийин кескин азайды. Өзгөчө, тажикстандык еврейлер 5 жылга созулган атуулдук согуштун айынан жер которууга аргасыз болушту. Алардын айрымдары азыр АКШда жашашат. Дүйшөмбүдөгү синагога бузулганы жатат деген кабар аларга да жеткен. Америкадагы бухаралык еврейлер конгрессинин төрагасы жана Нью-Йорктогу жаңы ачылган “Бухара таймс” гезитинин редактору Рафаэл Некталов бул кабарды Борбор Азиядагы досторунан жана туугандарынан уккандыгын айтат:

- Бизге Тажикстандагы синагоганы бузган жатышат деген кабар келди. АКШдагы тажик элчилиги синагога орус аскерлеринин базасы менен катар жайгашкан, ал жер кайра курулуп чыгуусуна байланыштуу синагоганы түртүп салышы мүмкүн деп айтты,- дейт Рафаэл Некталов.

АКШнын жана Израилдин Тажикстандагы элчиликтери да синагоганын бузулушуна карата өздөрүнүн тынчсыздандуусун тажик өкмөтүнө билдиришти. Тажик бийлиги синагога еврейлердин ыйык туткан жайы экенин жакшы түшүнүшөт. Тажик өкмөтүнүн дин иштери боюнча комиссия төрагасы Гоиб Голибов анын дабасы табылаарына үмүтү бар экендигин айтат:

- Биз буга байланыштуу өкүнүү билдирип, синагоганы сактап калууга аракетибизди жасайбыз дедик. Аларга райондон синагоганы тезирээк башка жерге көчүргүлө деген кат келген экен. Алар ушуга байланыштуу тынчсызданып жатышат. Эгерде башка аргасы табылбаса, район жаңы синагога курууга башка жер бөлүп бериши керек.

“Бухара таймс” гезитинин редактору Рафаэл Некталов да өлкөнүн президенти Имомоли Рахмонов тажикстандык еврейлерди урматтаган адам экенин, ал синагоганы жөн эле бузуп салууга жол бербей тургандыгын айтат:

- Тажикстандын президенти Имомоли Рахмонов Борбор Азиянын барктуу деген лидерлеринин бири болуп эсептелет. Аны еврей диаспоралары, өзгөчө Америкадагы тажикстандык еврейлердин диаспорасы колдойт. Ал Нью-Йоркко келген сайын убакыт таап, биз менен жолугуп кетет. Ал келген сайын “биз силерди Тажикстанга кайра кайтып келет деп күтөбүз” деп айтат.

Тажикстан быйыл Дүйшөмбү шаарынын 80 жылдыгын белгилейт. Бул салтанатка тажикстандык еврейлердин диаспоралары да катышаарын билдирип жатышат.

XS
SM
MD
LG