Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:35

ЕВРОПА БИРИМДИГИНИН ЖАҢЫ СТРАТЕГИЯСЫ


Нарын АЙЫП, Прага 1-май күнү Европа Биримдигине 10 өлкө жаңы мүчө болуп кошулгандан кийин, уюм өзүнүн жаңы кошуна-мамлекеттери менен боло турган байланыштар тууралуу атайын доклад даярдап, аны 12-майда жарыялады. Уюмдун айтымында, эми көп жылдар бою Европа Биримдигинин чеги мурдагы СССРдин чек арасы менен өтөт.

Биримдиктин кеңейүү маселелери боюнча комиссары Гюнтер Верхойген 12-май күнү уюмдун кошуна мамлекеттерге карата стратегиясына арналган документти жарыялады. Бул стратегия эми Биримдиктин июнда өтө турган бийик жолугушуусунда бекитилүүгө тийиш. Ага ылайык Биримдик эми кошуна мамлекеттер катары Молдова, Украина, Кавказ өлкөлөрү жана Жер ортолук деңиздеги кээ бир мамлекеттерге өзгөчө көңүл бурат. Бул өлкөлөр менен атайын кызматташуунун чегинде көптөгөн экономикалык, экологиялык, илимий долбоорлор түзүлүп, ишке ашырылат.

Верхойгендин айтымында, кошуна мамлекеттер менен мүмкүн болушунча достук мамиле түзүү керек:

- Максат баарыга эле түшүнүктүү болууга тийиш. Европалык комиссиянын төрагасы Романо Проди айткандай, биз достор алкагын түзүүнү каалайбыз. Биздин кошуналар менен биз мүчө-мамлекеттер менен түзүлгөн деңгээлдеги саясий жана экономикалык стабилдүүлүк болушун каалайбыз. Стратегиялык жактан алганда, бул биздин өзүбүздүн кызыкчылыгыбызда жана биздин кошуналардын кызыкчылыгы дагы ошондой деп мен ишенем.

Жаңы стратегиянын алкагында Украина, Молдова, Израил, Палестина, Йордания, Марокко, Тунис жана үч Кавказ жумурияты менен кызматашуу боюнча атайын пландар түзүлөт. Андан тышкары, Түркия менен Европа Биримдиги ортосундагы мамилелер дагы азыр өзгөчө деңгээлде экени белгилүү. Верхойгендин айтымында, Түркиянын Биримдикке кошулуу маселеси боюнча күзүндө атайын сүйлөшүүлөр башталышы мүмкүн.

Бул тизмеге кошуна мамлекеттердин ичинен эки өлкө - Орусия жана Беларус гана кирген эмес. Маскөө менен Европа Биримдиги ортосунда байланыштар өзгөчө экени түшүнүктүү, алар акыркы мезгилде бир кыйла ырааттуу өнүгүүдө, ошондуктан атайын план түзүүнүн зарылчылыгы жок. Бирок Беларус азыр - Европа мамлекеттеринин башын ооруткан көп маселелерди жаратууда.

Верхойгендин айтымында, бул өлкө менен Биримдик мамиле түзө албаганына эң биринчи кезекте Минск өзү күнөөлүү:

- Мен бир топ өкүнүү менен айтууга мажбурмун - абал өтө начар. Бул өлкө менен бизде азыр эч кандай кызматташуу жок. Кандайдыр бир келишимдер да жок. Эч кандай сүйлөшүү да жок. Ошондуктан, менин оюмча, азыркы мезгилде Беларустун жетекчилиги менен атайын бир план түзүү тууралуу да сүйлөшүүнүн эч кажети жок. Биз эң алгачкы таптабыз. Анткен менен Беларуста мүмкүн акыр-аягында баштала турган саясий реформа же саясий өзгөрүүлөр тууралуу демилгелерди биз колдойбуз.

Биримдикти түзүү боюнча алгачкы келишимде - ага кайсы болбосун европалык өлкө кошулууга укуктуу деп жазылган. Ошондуктан 1-майдан бери уюмдун кошунасына айланган өлкөлөр жакынкы келечекте Европа Биримдигине мүчө болуп кирүүгө үмүттөнгөнү да жашыруун эмес. Бирок Верхойген 12-майда андай үмүттү бир кыйла өчүрдү. Анын айтымында, Биримдиктин азыркы чек арасы дагы көпкө чейин өзгөрбөйт:

- Европанын чек аралары жөнүндө биз азырынча эч кандай сүйлөшүү пландаган жокпуз. Азырынча анын кажети жок. Европа Биримдигинин чеги азыр жана дагы бир топ жылга чейин - Балтик жумурияттарын эсепке албаганда, мурдагы Советтер Союзунун чек арасы менен өтөт.

Европа өлкөлөрү ичинен азырынча Биримдикке кошула турган мамлекеттер - Балкан жарым аралындагы гана өлкөлөр.

XS
SM
MD
LG