Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:29

КЫТАЙ УКУК КОРГООЧУНУН КЕЛИШИНЕ КАМ КӨРҮП ЖАТАТ


Баян Жумакадыр кызы, Прага 12-майда Кытай түрмө туткундарын кыйнаган кызматкерлерге каршы катаң чаралар көрүлө турганын жарыялады. Байкоочулар Бээжин кезектеги компаниясын АКШ Ирактын түрмөлөрүндөгү укук бузууларга байланыштуу туш тараптан сынга алынып жатканынан улам баштап жатканын боолголошот.

Кытай жаштарынын гезитинин өлкөнүн жогорку прокуратурасына шилтеме берип маалымдаганына караганда, мындан ары түрмө туткундарын кемсинтип, кордуктаган, уруп-сабап, түрдүү ыдык көрсөткөн кызматкерлердин баары мыйзам жазасына тартылат. Өлкөнүн Башкы прокурорунун орун басары Ван Женьхуан бул компания шаршембиден баштап күчкө кирип, бери дегенде, бир жылга созула турганын билдирди.

Прокурордун орун басары жарандарды мыйзамдык негизи жок эле камоо, түрмөдөгү туткундарды кыйноо жана кемсинтүү сыяктуу укук бузууларга жол берилбей турганын жана андай укук бузууларга жол берген же ага катышы бар кызматкерлер жазасын ала турганын айтты.

Баш прокуратуранын айтымында, өткөн жылы өлкөдө 1064 укук бузуу катталган, алардын көбүн- жарандарды негизсиз камоо менен тергөөгө керектүү көрсөтмөлөрдү туткундарды кыйноо жолу менен алуу сыяктуу укук бузуулар түзөт. Ушуга окшогон одоно укук бузуулардын натыйжасында Кытайдын түрмөлөрүндө 66 киши жараат алган же каза болгон.

Ажанс Франс Песс кабар агенттигинин Бэжиндеги кабарчысы Мартин Пэрри Кытай өкмөтүнүн өлкөнүн түрмөлөрүндөгү укук бузууларга каршы чечкиндүү чара көрүү пландары расмий Бээжиндин дүйнө коомчулугунун алдында өзүн көрсөткүсү келип жатканы менен түшүндүрөт. Ирактын түрмөлөрүндөгү укук бузууларга терең иренжигенин билдирип, жосунсуз окуяларды териштирүүнү бир нече курдай талап кылган Бээжин АКШнын дарегине сын-пикир айтканга моралдык жактан укуктуу болгусу келип жатат, - дейт Пэрри.

Ал эми Кытайдын мамлекеттик маалымат каражаттары болсо америкалык аскерлердин Ирак түрмөлөрүндөгү жосунсуз жоруктары "неткен укук коргогуч" Америкага урулган моралдык сокку болду, деп жазып чыгышты. Синьхуа кабар агенттиги шаршемби күнкү санында кытайлык укук коргоочу Доң Юнхуганын:

- Бул укук бузуулар АКШ кош стандартты туткан "сыңар өтүгү майрык" сынчы экенин көрсөттү,- деген сөздөрүн келтирди.

Бирок эл аралык укук коргоочулар америкалык аскерлердин Ирактагы кылыгын сыноого укуктуу болгону менен Кытай оболу өз түрмөлөрүндөгү ахвалга көңүл буруусу абзел, деп айтышат. Гон Конг шаарындагы "Кытайдагы адам укуктары" деген уюмдун башчыларынын бири Николас Бекелин Кытайдын түрмөлөлөрүндө уруп-сабоолор, тергөө камагындагы туткундардан керектүү көрсөтмөлөрдү күч менен алуу фактылары бар экенинен күмөн санабайт. Анын айтымында, буга тергөөдөгү туткундардын капилеттен эле каза болгондугу тууралуу маалыматтар айгине боло алат.

Андай маалыматтар Улуттар уюмуна кезек-кезек жетип турганы менен Кытайдагы чыныгы жагдайды текшерип чыгуу али мүмкүн эмес болууда. Анткени Кытай өзүнүн жаза өтөө жайларына көз карандысыз байкоочуларды киргизүүдөн баш тартып келатат.

Ошону менен бирге эле укук коргоочу Николас Бикелин Кытай өкмөтүнүн түрмөдөгү абалды жакшыртууга капилеттен эле жан үрөп калганын Иракта орун алган укук бузуулар менен эле эмес, Улуттар Уюмунун адам укуктарын коргоо боюнча атайын өкүлүнүн визити менен байланаштырат. Улуттар уюмунун өкүлү Тео ван Бовен Кытайга июнь айында визит жасамакчы.

XS
SM
MD
LG