Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:35

14-майда Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын мамлекеттик түзүлүш жана конституциялык мыйзамдуулук боюнча комитети өлкөдө өзгөчө оор кылмыштардын өсүшүнө байланыштуу маселени карада. Анын жыйынтыгында Ички иштер министрлигинин бул багыттагы жүргүзүп жаткан иштерин канааттандырарлык эмес деп тапкан токтом кабыл алды.

Комитет жыйынына Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмонов, башкы прокурор Мыктыбек Абдылдаев, Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Калык Иманкулов жана Ички иштер министринин биринчи орун басары Расулберди Раимбердиев катышты. Адегенде өлкөдөгү кылмыштуулукка каршы күрөштүн абалы тууралуу мамлекеттик түзүлүш жана конституциялык мыйзамдуулук комитетинин төрагасы Валерий Диль сөз сүйлөдү. Ал акыркы кезде буйрутма киши өлтүрүү күч алганын жана бул өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч келтирген көрүнүшкө айланып баратканын белгиледи. Дильдин маалыматы боюнча, акыркы эки жылдын ичинде болгон 25 чуулгандуу киши өлтүрүүнүн бети ачыла элек. Алардын сегизи быйыл жасалган. Диль бул кылмыштардын себеби катары буларды атады:

- Уюшкан кылмыштуу топтордун биздин мамлекетте күчөшү өлкөнүн тартип коргоо органдарындагы начар кадрдык саясатка байланыштуу. Кылмыш дүйнөсү менен тартип коргоо органдарынын кээ бир өкүлдөрү аралашып кеткен. Мындай шартта өзгөчө бир чараларды көрүү менен абалды оңдоого болот.

Андан кийин сөз сүйлөгөн Расулберди Раимбердиев кылмыштардын саны акыркы кезде төмөндөгөнүн белгилеп, бирок кылмыштуу топтордун ортосундагы күрөштүн күчөшү кырдаалдын курчушуна өбөлгө түзүүдө деп билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда 6 уюшкан кылмыштуу топ болгон. Акыркы кезде алардын экөөсү талкаланып, бирок дале төртөөсү бар. "Алар боюнча иштеп жатабыз", деди Раимбердиев.

Министрдин орун басарынын маалыматы боюнча, акыркы кездеги киши өлтүрүүлөргө байланыштуу бир топ адамдар кармалды. Иликтөө иштери жүрүп жатат жана бир аз убакыттын ичинде бир топ кылмыштардын бети ачылат.

Райымбердиев ошондой эле Ички иштер министрлигине караштуу унаанын чыгымы 11% камсыздалганын, ал эми материалдык-техникалык талаптар 1,9% гана канааттандырылганын маалымдап, татаал криминалдык кырдаалдан чыгуу үчүн кадрдык саясатты, финансылык-материалдык камсыздоону жакшыртуу, мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү зарыл деген оюн билдирди.

Андан кийин трибунага чакырылган башкы прокурор Мыктыбек Абдылдаевдун сөзү кыска болду:

- Талкууланып жаткан көптөгөн маселелер боюнча кемчиликтерди моюнга алуудан башка арга жок. Биз ишибизди күчөтүшүбүз керек.

Депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып башкы прокурор өлүм жазасына мораторий киргизүү - дагы бир ирет терең ойлоно турган маселе экенин белгиледи. Андан сырткары, тартип коргоо органдарынын катарынын тазалыгын талап кылууда аларды жетиштүү айлык акы менен камсыздоо маселеси чечилбей жатканын айтты. Ага мисал катары, өзүнүн - Кыргызстандын башкы прокурорунун айлыгы 300 доллар экенин, бул - Казакстандын катардагы сержантынын маянасынан аз экенин маалымдады.

Башкы прокурордун айтымында эки маселе мамлекеттик деңгээлде чечилиш керек:

- Мамлекеттик деңгээлде эки маселени чечишибиз керек. Мамлекеттик тартип менен кызматтык тартип болуш керек.

Андан кийин депутаттар токтом долбоорун берене боюнча кабыл алышты. Анын биринчи беренесинде тартип коргоо органдарынын жетекчилери берген маалымат эске алынганы жазылса, экинчи беренесинде Ички иштер министрлигинин ишин канааттандырарлык эмес деп табуу тууралуу чечим белгиленди.

Токтомдо ошондой эле тартип коргоо органдарына 15-августка чейин Эл өкүлдөр жыйынына кылмыштуулуктун бетин ачуу боюнча маалымат берүү тапшырылды. Мындан тышкары өлкөдө криминология борборун түзүү жана «Кылмыштуулуктун абалы боюнча» коомдук форум өткөрүү президентке сунушталды.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG