Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:04

ТАСИС улгайган адамдардын абалын жакшыртууга жардам берет


ТАЛАС. Европа комиссиясы ТАСИС программасынын "Кыргызстандагы улгайган адамдардын абалын жакшыртуу үчүн коомдук уюмдардын иш-аракетин калыптандыруу" деп аталган долбоорун ушул жылдын январь айынан бери ишке ашыра баштаган. Бир жарым жылга созулуучу бул долбоорду ишке ашырууга улгайган адамдардын өздөрүн катыштыруу маанилүү. 14-май күнү демократияны колдоо боюнча Таластагы маалымат борборунда облустун борборундагы улгайган адамдар менен алардын абалын жакшыртуунун көйгөйлөрү, бул ишке коомдук уюмдарды, өспүрүмдөрдү тартуу маселесине арналган талкуу өттү. Жолугушууну ТАСИСтин аталган долбоорунун өкүлдөрү Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын Талас аймактык бөлүмү менен бирдикте уюштурду.

Семинарда маалым болгондой, Талас облусунда 28 миңден ашык улгайган адам бар. Анын ичинде 1900гө жакын жалгыз бой, 1200гө жакын оору жана майып пенсионерлер жетишпеген турмушта өмүр карытып жатышат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG