Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:08

Баткенде ич келте илдетин алдын-алуу чаралары көрүлүүдө


БАТКЕН. Облустук санитардык көзөмөл борборунан 14-майда алынган маалыматка караганда, учурда ичкелте илдети чыккан Баткен районунун айылдарынын 18 жаштан улуу жашоочуларынын баарына бул ооруга каршы эмдөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул үчүн мамлекеттик санитардык көзөмөл департаментинен жетиштүү өлчөмдөгү дары-дармектер берилди. Эмдөө иштери Баткендин Кызылбел, Карабак, Паскарык, Чоңталаа, Чек жана Жаңыжер айылдарында жүргүзүлүүдө. Аталган айылдарда ичкелте илдети акыркы эки жылдан бери кайра-кайра чыккан. Баткен районунда 2001-жылы ичкелтеге чалдыккан 98, 2003-жылы 91 киши катталган жана алардын көпчүлүгү аталган айылдарда турушат. Ал эми облус боюнча быйылкы жылдын өткөн төрт айында ичкелтеге кабылган 27 адам катталган. Алардын 25и Баткен районунун, экөө Кадамжай районунун тургундары.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG