Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:20

Казак парламенти кыргыз-казак макулдашуусун ратификациялады


БИШКЕК. Казакстан парламентинин жогорку палатасы 13-майдагы отурумунда эл аралык автомобиль катнашы тууралуу кыргыз-казак макулдашуусун ратификациялады. Мындай макулдашууга 2003-жылдын 25-декабрында президент Аскар Акаевдин Казакстандагы расмий визити учурунда кол коюлган. Макулдашууга ылайык Кыргызстанга тиешелүү автоунаалар Казакстандын аймагынан өткөн учурда салык төлөөдөн бошотулган. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, жакында мындай келишим кыргыз парламентинде да ратификацияланат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG