Мындан эки эле апта мурда "Конгресс" партиясы эч качан жеңишке жетпейт деген индиялык гезитттер 14-май күнү партиянын күтүүсүз ийгилиги тууралуу көлөмдүү макалаларды жарыялап, анын себептерин да байма-бай келтиришти. Эксперттердин айтымында, негизги себеп - мурдагы премьер Атал Бихири Важпайинин өкмөтү жүргүзгөн реформалар байларды гана байытып, айыл жергесине жеткен эмес жана айылда жашаган 300 миллион шайлоочу оппозициялык партия үчүн добуш берди. Анткен менен эксперттердин айтымында, Индиядагы жакырчылык акыркы он жылда 37 пайыздан 30 пайызга чейин кыскарган.
Важпайинин "Бхарата жаната" партиясы шайлоо өнөктүгүн "Жаркылдаган Индия" деген ураан алдында өткөргөн, эми гезит макалаларынын баштарында "Жаркылдаган Соня" деген сөздөр көп кездешет. Ал эми анын "Конгресс" партиясы "Падыша Конг" - "King Cong" деп аталууда.
Кезинде "Бхарата" - хинду улутчулдарынын партиясы катары түзүлгөн, ошондуктан кээ бир саясатчылар анын динчилдигин бир топ сынга алып келген. "Шайтандын аяттары" аттуу китеп жазган атактуу индиялык жазуучу Салман Рушди дагы 14-майда америкалык "Вашингтон пост" гезитинде макала жарыялап, Индияда диний негизде ишке ашырылган көптөгөн кылмыштарга партия көз жумуп келгендигин сынга алат. Анын айтымында, Соня Гандини дагы "Бхаратанын" жетекчилери "чет өлкөлүк" деп атаганы адамкерчиликке жатпайт.
Анткен менен "Конгресс" партиясы шайлоодо толук жеңишке жеткен жок жана жаңы өкмөттүн курамын аныктоо үчүн башка партиялар менен коалиция түзүүгө мажбур. Байкоочулардын айтымында, "Конгресстин" негизги шеригине Индиянын коммунисттик партиясы айланышы мүмкүн.
Джавахарлал Неру негиздеген "Конгресс" партиясы башынан тартып социалисттик-солчул саясат жүргүзгөн, кансыз согуш учурунда болсо Индия - эки тараптын бирине да кошулбаган өлкөлөрдүн дүйнөлүк кыймылын жетектеген.
Индия парламентинин ылдыйкы палатасында 547 орун бар, алардын төртүнө азыркы шайлоодо эч ким шайланбай калды жана кошумча добуш берүү майдын аягында өткөрүлөт. Шайланган 543 орундун эки жүз он жетиси "Конгресс" партиясына тийди. Коммунисттик жана башка солчул партиялар бардыгы болуп 62 депутаттык мандат утуп алды жана эгер "Конгресс" алар менен альянс түзсө, көпчүлүккө ээ болот.
Партия жетекчиси Соня Ганди сүйлөшүүлөр башталганы тууралуу билдирди:
- Келээрки бир нече күндө өкмөттүн курамын аныктоо боюнча сүйлөшүүлөр күч алат. Ал сүйлөшүүлөрдү "Конгресс" партиясы жетектейт жана күчтүү, диний эмес өкмөттүн түзүлүшүн камсыз кылат.
Байкоочулардын айтымында, жаңы өкмөт эки негизги маселени чечүүгө тийиш. Биринчиси - Важпайинин өкмөтү баштаган ири экономикалык реформаларды улантуу же алардын мазмунун өзгөртүү, экинчиси - акыркы мезгилде Индия менен АКШ жана Израил ортосунда күч ала баштаган кызматташууну улантуу же улантпоо. Важпайи баштаган дагы орчундуу иш - кошуна Пакистан менен сүйлөшүү - улантыла турганынан эч ким күнөм санабайт.
Акыркы жылдарда Индия - Израилде өндүрүлгөн куралды сатып алган негизги кардарга айланган. "Вашингтон пост" гезитинин 14-майда жазып чыкканына караганда, "Конгресс" партиясы өзүнүн илгерки анти-америкалык саясатын улантаары да ажеп эмес жана Жакынкы Чыгыш менен Түштүк Азияда өз алдынча саясат жүргүзүп, АКШнын бир топ демилгелерине тоскоол түзүшү мүмкүн.