Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:59

Индиянын "Улуттук конгресс" партиясы коалиция куроого киришти


Солчул жана регионалдык партиялар менен өнөктөшүп жаңы өкмөт түзүү маселеси талкууланууда. Парламенттик шайлоодо жеңип чыккан "Улуттук конгресстин" лидери Соня Ганди бүгүн президент Абдул Каламдын кабыл алуусунда болду. Кечээ ал бир нече күндүн ичинде өкмөт түзүү иши аяктайт, "Улуттук конгресс" партиясы Индияны күчтүү, баракаттуу жана бейдинаяттуу өлкөгө айлантат деп билдирген болчу. Конгрессчилер жана алардын өнөктөштөрү жаңы өкмөт башчылыгына Соня Гандини көрсөтүүнү чечишкендигин айтышууда. Эгер бул план ишке ашса, анда Индиянын тарыхында биринчи ирет чет өлкөлүк аял өкмөт башчысы болот. Соня Ганди теги жагынан италиялык, күйөөсү экс-премьер Ражив Ганди 1991-жылы террорчулардын колунан мерт болгон.

XS
SM
MD
LG