Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:42

АЗИМБЕК БЕКНАЗАРОВ: “ШАЙЛООГО ДАЯРДЫКТЫ БИЙЛИК БАШТАДЫ”


Алты саясий партия түзгөн "Эл бийлиги үчүн" шайлоо блогу жалпы кыргызстандыктарга жана президент Аскар Акаевге кайрылуу жолдогону турушат. Анда өлкөнү парламенттик башкарууга өткөрүү, ал эми парламентти партиялык тизме менен куроо сунушталмакчы.«Асаба», «Жаңы Кыргызстан», «Кыргызстан коммунисттери» жана башка саясий партиялар "Эл бийлиги үчүн" шайлоо блогун түзгөн. "Асаба" партиясынын лидери, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Азимбек Бекназаровдун айтымында, блок 2005-жылдагы президенттик жана парламенттик шайлоолор акыйкат жана демократиялык негизде өтүшүн максат кылат. Төмөндө биз А.Бекназаров менен болгон маекти сунуш кылабыз.

- Азимбек мырза, "Эл бийлиги үчүн" шайлоо блогу жалпы кыргызстандыктарга жана президентке кайрылуу жолдогону жатыпсыздар. Андай кайрылуу кабыл алууга эмне себептер түрткү берди?

- Акыркы күндөрү “Алга, Кыргызстан” партиясынын демилгеси мененби же президенттин айланасындагы айрым адамдардын таасири мененби, партиялык тизме боюнча толуктоолорду кайра Конституцияга киргизели деген демилге көтөрүлө баштады. Жакында “Алга, Кыргызстан” партиясынын айланасына баш кошкон 13 саясий партиянын өкүлдөрү чогулушуп, бир чечим кабыл алабыз деп сүйлөшкөн экен. Биз дагы - "Эл бийлиги үчүн" шайлоо блогунда ушул маселе тууралуу сүйлөшүп, өз көз-карашыбызды билгизип коёлук дедик. Партиялык тизме менен парламенттин курамынын жарымы түзүлүшү керек. Ошондо трайбалисттик, уруучулук, жердешчиликке бөгөт коюлат. Башка жолду бүгүн көрө албай жатабыз. Биздин блок эки күндөн бери сүйлөшүп, ушул маселени чечүү үчүн өзүбүздүн жолубузду, багытыбызды президентке жана Кыргызстандын элине кайрылуу түрүндө сунуш кылабыз. Анда «парламентке ушунча пайыз саясий партиялардын тизмеси кирсин» деп Конституцияны өзгөртпөй, 1993-жылы 5-майда кабыл алынган Конституцияны негиз кылып алып, жаңы Конституция кабыл алалык деген сунуш киргизип жатабыз. Ага ылайык өлкөдө президенттик башкаруу эмес, парламенттик башкаруу киргизилет, парламенттин 50% саясий партиялардын тизмеси түзүлсүн деген сунуш менен кайрылабыз.

- Мамлекет башчысы Аскар Акаев "шайлоого али эрте, эл ичинде үгүт иштерин жүргүзүүнүн кажети жок", деп бир нече ирет айтты эле. Бирок шайлоого карата тымызын даярдыктар жүрө баштаган шекилдүү?

- Президент "шайлоого али эрте, элди дүрбөтпөгүлө" деп Баткенде, Ошто, Жалалабадда да айткан. Атүгүл “оппозициялык маанайдагы” партиялар келсе киргизбегиле" деген пикирин да билдирген. Ал эми министр Өмүралиев “президентке биз киргенибизде, ал оппозициялык партиялардан мурда дыйкандар менен иштебейсиңерби" деп Дыйкандар партиясын түзүп жатканда колдоо билдирген. Анын сөзүн министр Костюк да силердин радиого берген маегинде тастыктады. Ошол эле адамдар Осмонакун Ибраимов менен Болот Жанузаковго киргенде да кредиттик союздарды түзүп, шайлоо иштерин колго алыш керек деген сунуштарын айтыптыр. Мына - факты. Андан сырткары “Алга, Кыргызстан” спорт ордосунда спорт оюндарын, маданий иштерди уюштуруп, жер-жерлерде бекер медициналык кызматтарды көрсөтүп жатат. Жакында Аксуу районунда “Камылга” деген фонд түзүлүптүр. Бул эмнеге камылга? Албетте, шайлоого камылга. Ал фонддор элге 10 процент менен, төмөнкү үстөктө кредит таратып берет экен. Мындайча айтканда, президент бийликти колдоочу партияларга тымызын шарт түзүүгө жол берип, кош стандарттуу саясат жүргүзүп жатат. Мындан бир жума мурда "Эл бийлиги үчүн" шайлоо блогуна кирген депутаттар, саясатчылар, саясий партиялар карапайым калкка кайрылдык эле. “Бийлик тарабынан эрте баштаган шайлоо компаниясынан этият болгула, айрыкча, кредит алып жатканда мыйзамдын чегинде талдап, этияттап алгыла. Колуңарды койдуруп алып, шайлоо бүткөндөн кийин пайызын же процентин көбөйтүп жиберип, шоруңарды кайнатпасын”, деп кайрылганбыз.
XS
SM
MD
LG