Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:50

ЧЕЧЕНСТАНДА ЛИДЕР ТАНДОО КЫЗЫДЫ


Муса Мураталиев, Москва Бейшембиде орусиялык сыналгылар Чеченстандын вице-премьери Рамзан Кадыров ушул күздө өткөнү жаткан президенттик шайлоого катышпайт деген маалымат таратышты. Ошол эле учурда аны колдогон кишилер Владимир Путинге кайрылуу жолдошту. Талдоочулар Чеченстанда лидер тандоо Кремлдин кабак-кашына жараша чечилчү иш дешүүдө.

Чеченстандын мамлекеттик кеңеши менен өкмөт президент Путинге кат жөнөткөн. Анда 5-сентябрда өткөнү жаткан шайлоодо, каза тапкан президент Ахмат Кадыровдун баласы Рамзан Кадыровду талапкер катары жарышка кошулууга уруксат алып бериңиз деп айтылат.

Көрсө, Рамзандын шайлоого катышууга жашы жете элек экен. Бул туурасында мурунку аптада Орусиянын борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Александр Вешняков мындай деген эле:

- Чеченстан жумуриятынын президенти болуп, жашы отуздан кем эмес атуул шайлана алат. Мындай формула Чеченстан жумуриятынын Башмыйзамында так жазылган.

Бейшемби күнү НТВ сыналгысына берген интерьюсунда Рамзан Кадыров президенттик орунду талашууга көөнү жок экенин билдирди:

- Президенттик орунга (талпынуу – ММ) бейнатыйжалуу иш. Мен андан көрө, Чеченстан жумуриятынын эл шайлаган президентинин айтканын кыламын. Эл кандай десе – ошондой болот.

Андан аркы кебинде Рамзан Кадыров:

, - деди.

Орусиялык талдоочулар Чеченстандагы кырдаалга ар кыл баа беришүүдө. Бирөөлөр "Ахмат Кадыров бийликке келгенден тартып жумуриятта ырааттуулук, туруктуулук пайда болду" десе, экинчи бирөөлөр "Кадыров бийликке келип, карапайым калктын укугун коргоп бере алган жок" дешүүдө. Орусиянын саясий изилдөө институтунун директору Сергей Марковдун айтканына караганда, Ахмат Кадыров алып келген ырааттуулук төмөнкүлөрдөн турат:

- Биринчиден, Түндүк Кавказды бүтүндөй ээлеп алганы калган кылмыштуу топтордун тамыры кыйылды. 1998-1999-жылдарда ал жерлерди андай адамдардын чындыгында эле каратып алуу коркунучу бар эле. Экинчиден, миңдеген кишилер башынан кечирген көрүнгөндү кулга айлантуу адаты (Чеченстанда – ММ) жок кылынды. Экономика акырындап калыбына келе баштады.

Ал эми башка бир талдоочу, саясатчы Андрей Пионтковский Ахмат Кадыров күчкө салып бийлик жүргүзгөнүн белгилейт:

- Федералдык бийлик алдында Кадыров элинин укугун коргоп берүүгө алы келген жок. Ал тургай, кийинки кезде, көп ырайымсыздык көргөздү деген даттануулар федералдык күчтөр үстүнөн эмес, Кадыровдун жашыруун кызматындагылар менен анын уулу Рамзан жетектеген топ үстүнөн көп түшкөн.

Эмнеси болсо да, Чеченстандын жаңы лидерин шайлоо сентябрдын биринчи жумасында өтмөк болуп атат. Анын жорук-жосуну орусиялык башка жумурияттарда лидер тандоо адатына окшоп атканы айтылууда.
XS
SM
MD
LG