Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:41

Жалалабадда чегара айылдарындагы проблемалар чечилбей жатат


ЖАЛАЛАБАД. Облустагы "Чыр-чатактардын алдын алуучу, тынчтыкты куруу" коомдук бирикмеси чегара айылдарындагы проблемаларды (көйгөйлөрдү) аныктап чыкты. Бирикме ишке ашырып жаткан кыргыз-өзбек чегара жайларындагы тынчтыкты өнүктүрүү долбоорунун изилдөөсү боюнча Базаркоргон, Ноокен, Өзбекстандын Пахтабад райондорунун калкы жээктеген Караүңкүр дарыясынын эки чакырым жээги бекемделүүсү керек. Антпесе, Арал айылынын мүрзөсү менен өзбек кыштактарын суу каптайт. Таза суу, жайыт маселеси менен бирге Ноокен районундагы Москен айылынын 350 гектар аянтына сугат суусу жетпейт. Бирикме ушул көйгөйлөрдү коңшулардын катышуусунда чечүүнүн жолдорун издөөдө. Анын жардамы менен Сакалды кыштагына Швейцариянын "өнүгүү жана кызматташтык" агенттиги жети миң АКШ долларын бөлдү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG