Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:36

"Эл бийлиги үчүн" блогу элге жана президентке кайрылат


БИШКЕК. Дүйшөмбүдө "Асаба", "Жаңы Кыргызстан", "Кыргызстан коммунисттери" жана башка алты партиядан турган "Эл бийлиги үчүн" шайлоо блогу Кыргызстан элине жана мамлекет башчысына кайрылуу жолдомокчу. Эл бийлиги үчүн шайлоо блогу келээрки президенттик жана парламенттик шайлоолорду акыйкат жана демократиялык багытта өткөрүү максатын көздөйт. Бул тууралуу «Асаба» партиясынын лидери Азимбек Бекназаров «Азаттыкка» билдирди.

Кайрылууда жаңыдан өнүгүп келаткан саясий партиялар институтунун өнүгүүсүнүн шарттарынын бири болгон партиялык тизме менен бийлик бутактарына шайлоону калыбына келтирүү айтылат. Ошондой эле анда Жогорку Кеңештин курамынын кеминде жарымын партиялык тизме менен шайлоону жана 1993-жылы 5-майда кабыл алынган Конституцияны негиз кылып, жаңы Конституция кабыл алууну сунуштайт.

XS
SM
MD
LG