Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:47

ЧОГУ АЛП СОЛДУН ЭЛЧИЛИГИНИН МААНИСИ


840-жылы кыргыздар уйгур каганатын талкалагандан кийин үч жыл өткөн соң Кытай империясынын борборуна кыргыз төрөсү Чогу Алп Сол баштаган элчилик келген. Анын натыйжасында кыргыздар менен кытайлардын ортосунда саясий жана достук мамиле кайрадан жанданган.

840-жылы кыргыздар уйгур каганатын талкалагандан кийин, алар качкан жоонун артынан сая түшө кууп, согуш аракети менен алек болушкан. Кыргыздардын чапкыны Борбордук Азиянын геосаясий абалына таасир тийгизбей койгон эмес. Согуштан жеңилген уйгурлар туш тарапка чилдей тарашып, жакынкы коңшулардын ээлигине жана жашоосуна таасир тийгизишкен.

Уйгурлардын бир бөлүгү Кытай империясынын түндүк чек арасына ыктай жайгашышып, мындагы провинцияларды талап-тоношкон. Кытай бийлиги үчүн уйгурлардын мындай кыянатчылыгы жеке эле аларга эмес, ушундай башаламандыкты пайда кылган кыргыздарга карата жек көрүү көз-карашын жараткан. Кыргыз өкүмдары кырдаалды жетик баамдап жана кубаттуу Кытай өлкөсүнүн колдоосун алуу максатында империянын борборуна Чогу Алп Сол баштаган элчилерди жөнөткөн.

Кыргыз элчилиги Кытайга 843-жылдын апрель-май айларынын аралыгында келип жеткен. Чогу Алп Сол кытай императоруна кыргыз өкүмдарынын жазган катын жана эки аргымакты табыштаган. Кыргыз элчиси императорго алар уйгур өлкөсүн талкалап, кытай ханайымы Тайхону Төлөш Алптын коштоосу менен империяга 841-жылы жөнөтүшкөндүгүн кабарлаган. Кытай бийлиги өз тарабынан, уйгурлар кыргыз элчиси Төлөш Алпты өлтүрүшүп, ханайым Тайхону туткунга алышкандыгын билдирген.

Кытай императору У-цзун Чогу Алп Солдун элчилигине ыраазы болуп, кыргыз өкүмдарына кат жолдогон:

"Сиз уйгур ханынын сарайын өрттөп, ханайымды кайра жөнөтүп, тор жайыпсыз. Бирок анык күнөлүүлөр качып кутулган экен. Мен, калган уйгур уруулары жашоого кантип топук кылышат деп ойлоймун. Биздин коркконубуз, качып кутулгандар кайрадан өч алуу үчүн чогулушуп, сиздин чек араңызга кол салууну самап башташат. Уйгурлардын тамырын толук кыркыш үчүн Сиз жетик даярдык көрүп, ойлонулган план иштеп чыгып, аларга каршы чогуу аракет көрүшүбүз керек", деп айтылат Кытай императору У-цзундун кыргыз өкүмдарына жазган катында.

Ошентип, Чогу Алп Солдун элчилиги, 840-жылкы кыргыз чапкынын коңшулар алдында актоо, көмөк берген. Анын натыйжасында Кытай өлкөсү уйгурларга каршы күрөштө кыргыздарга моралдык болсо да колдоо көрсөтүшкөн.
XS
SM
MD
LG