Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:42

450 МЛН. ДОЛЛАР КАРЫЗ КЕЧИЛБЕСЕ СОЦИАЛДЫК ТӨЛӨМДӨР АЗАЯТ


Өкмөт башчысы Николай Танаев мамлекеттик телекөрсөтүү аркылуу Кыргызстандын чет өлкөлөргө 450 миллион доллар карызы кечилбесе социалдык төлөмдөр кескин азайтылаарын маалымдады. Ушу тапта мамлекеттик бюджеттин теңинен көбү социалдык керектөөлөргө жумшалат. Өкмөт табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюуга арбын акча бөлүп жатканы, бирок ал жетишсиз экени белгиленди.

Кыргызстандын 460 миллионго бираз жете бербеген карызы кечилбесе өкмөт социалдык проблемаларды чече албай каларын Николай Танаев ачыкка чыгарды. Быйыл октябрь айында Эларалык валюта кору менен биргелешип ишке ашырып жаткан жакырчылыкты азайтуу, туруктуу экономикалык өнүгүүнү камсыз кылууга арналган 3 жылдык программа аягына чыгат. Анын жыйынтыгына карап Эларалык валюта кору Париж клубуна кирген өлкөлөргө Кыргызстандын карызын кечип жиберүү маселесин сунуш кылат. Бул иш эмдиги жылдын апрель айына белгиленген.

Николай Танаев быйылкы жылдын 1-кварталындагы экономикалык өсүш дурус темпте баратканын баса белгиледи.

- Өткөн жылга салыштырганда ички дүң продукт – ИДП 106,7%, “Кумтөр” алтын кенин кошпогондо 105,4% өсүш болду. Өнөр жайда 111% өнүгүш, тоо-кен өндүрүшүндөгү өсүш 109%, айлык акы 19,1% көтөрүлдү, минималдуу керектөө себети 13,6% өстү. Орточо айлык акы ушу тапта 1900 сомго жетти. Минималдуу керектөө себети 1450 сомдун тегергинде. Орточо айлык акы андан кыйла алдыга озуп кетти. Экспорт 130% ашты. Импорт 159% өстү,- деп айтты Николай Танаев.

Өкмөт башчынын ырасташынча, инфляциянын деңгээли 0,9%, доллардын сомго катышы 43 сомдун тегерегинде кармалууда.

1-вице-премьер-министр, транспорт жана байланыш министри Кубанычбек Жумалиевдин маалымдашынча, быйыл Ош-Бишкек жолун кайрадан оңдоп чыгуунун 2-3-этабы башталды. Бул ирет республиканын түндүгү менен түштүгүн байланыштырган канжолдун Ташкөмүр - Каражыгач, Базаркоргон – Арыстанбап кош тарамы, баш-аягы 105 чакырым узундуктагы жол оңдолот.

- Ушул жылдын август айында Кыргызтелерадио компаниясынын бир каналын жана ошондой эле кыргыз радиосунун эки каналы спутник аркылуу чыгып, мурда кыргыз телекөрсөтүүсүн көрө албай келген биздин 153 айылыбыз телекөрсөтүүлөрдү алууга, радио угуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат,- деп маалымдады Кубанычбек Жумалиев.

Ички иштер министри Бакирдин Субанбеков кылмыштуулукка каршы күрөш улантылып жатканын билдирди. Министрликтин кызматтык кылмыштарга каршы күрөшүү башкармалыгынын жетекчиси Чыныбек Алиевди өлтүрүүгө катыштыгы бар деп шектелген адамдар кармалып атканын баяндады:

- 5-майда биздин кесиптешибиз, абдан тажрыйбалуу, мыкты иштеген милициянын полковниги Алиев Чыныбекти өлтүрүүгө катыштыгы бар деген шек менен бир нече топтор кармалды. Азыр иликтөө иштери жүрүп атат. Кылмышкерлер минип бараткан машине табылбай жатты эле. Мына бүгүн ошол машине табылды.

Өкмөт башчы Николай Танаевдин ырасташынча, быйыл табигый кырсыктардын кесепетин жоюу боюнча биртоп иштер жасалды. Бул ишке деп өкмөт 2004-жылдын бюджетин бекитип атканда 50 миллион сом бөлгөн. Кооптуу жерлерде жашаган калкты түз жерге көчүрүү, аларга үй салып алуу үчүн 200 000 сом ссуда бөлүнмөкчү. Бул максатка 180 миллион сом бөлүнүүдө, деп билдирди Николай Танаев. Эларалык каржы уюмдарынын көмөгү менен буга кошумча 900 миллион сом карыз акча алып, аны да табигый кырсыктардын кесепетин жоюуга жумшоо пландаштырылууда.

Кыргызстандын түштүгүндө 350 айыл, шаар, шаарчада жер көчкү коркунучу бар. Сарыөзөн Чүй, Көл, Таласта 120 калк жашаган жерлерди суу басып кетүү коркунучу сакталууда. Жер алдынан чыкчу сууларды агызып ийчү арыктардын бүтөлүп, суу сарыктыргычтардын иштен чыгып калышынын кээрин түздө жашаган айыл эли эми тартууда.

XS
SM
MD
LG