Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:25

Кондолиза Райс Берлинге барат


БЕРЛИН. АКШ президентинин коопсуздук иштер боюнча кеңешчиcи Кондолиза Райс бүгүн Берлинде Германиянын жетекчилиги менен Ирактагы абал жана Израил-Палестина жаңжалы тууралуу сүйлөшүү өткөрөт. Кондолиза Райс Берлинде Палестин автономиясынын премьер-министри Ахмед Корей менен да жолугушат.

Кондолиза Райс кечээ Москвада Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуп, Бириккен улуттар уюмунун Ирак боюнча резолюциясын, Ооганстандагы жана Жакынкы чыгыштагы абалды, массалык кыргын салуучу куралдардын таркатылышына күрөш жүргүзүү тууралуу талкуу жүргүзгөн.

Кечки эларалык жаңылыктарды даярдаган - Сапар Орозбаков, Прага

XS
SM
MD
LG