Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:34

Орусияда токой өрттөнүүдө


МОСКВА. Орусиянын Курган облусундагы жана Чыгыш Уралдагы токойлордо өрт чыгып, үч күнгө созулган өрттөн 9 адам каза тапты. 4 адам жараат алды. 5000 гектардан ашык токой күйүп кетти. 400 үй жарактан чыгып, 1000 адам үйсүз калды. Тилсиз жоо менен 1500 өрт өчүргүч күрөшүп жатат. Өрт өчүрүүгө учактар, тик учмалар да тартылган. Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министри Сергей Шойгу өрт белгисиз бирөөлөр тарабынан атайын коюлганын, бул тураалуу кылмыш иши ачылганын билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG