Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:20

Колин Пауэл Жакынкы чыгыш өлкөлөрүн экономикалык реформа жүргүзүүгө чакырды


ОМАН. Иорданиянын Шунех шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк банктын форумунда АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэл Жакынкы чыгыш өлкөлөрүн базар экономикасына багытталган реформаларды жүргүзүүгө чакырды:

- Биз реформалар ичтен башталышы керек деп көптөн бери айтып келебиз. Кошмо штаттары жана башка индустриялуу өлкөлөр муну кандай түшүнсө, араб өлкөлөрү да ошондой түшүнөт деп ойлойм. НАТО жана башка эл аралык уюмдар силерге жардам берүүгө даяр,- деди Колин Пауэл.

Дүйнөлүк банктын президенти Жеймс Вульфенсон региондун өлкөлөрү экономиканы мамлекеттик сектордон жеке секторго өткөрүп берсе гана алар жумушсуздуктан арыла аларын айтты.

Маалыматтарга караганда, региондо жумушсуздук 15% түзөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG