Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:58

Бийлик ирактыктарга 30-июнга чейин өткөрүлүп берилет


ШУНЕХ. АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэл Иорданиянын Шунех шаарында өткөрүлүп жаткан экономикалык форумда Вашингтон Ирактагы бийликти Ирак өкмөтүнө 30-июндан кечиктирбей өткөрүп бере турганын билдирди:

- Биз акыркы 24 саат ичинде натыйжалуу талкуу өткөрдүк. Биз 1-июлга чейин ирак элинин сүверендүүлүүгүн калыбына келтиребиз деп жатабыз.

АКШнын мамлекеттик катчысы келээрки жылдын январында өткөрүлө турган шайлоого чейин коалициялык күчтөр Ирак өкмөтү менен кызматташууну уланта берээрин кошумчалады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG