Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:46

Аслан Абашидзе саясаттан кетүүгө ниеттенбейт


Грузиянын курамындагы Ажар автономиясынын мурдагы башчысы, жакында бийликтен четтетилген Аслан Абашидзе бул тууралуу кечээ Орусиянын ОРТ телеканалындагы маегинде билдирди. Абашидзенин айтымында, ал ата-теги Ажариянын саясатына муундан-муунга аралашып келген үй-бүлөнүн мүчөсү катары жогорку жоопкерчиликти сезүүдө. Бирок Абашидзе келечекте саясатка кандай ролдо кайтаарын айткан жок. Аслан Абашидзе кызматынан көчөдөгү демонстрациялардын аркасында ушул айдын башында чегинип, Москвага кетүүгө мажбур болгон эле. Мунун алдында ал грузин президентинин борбордук өкмөткө баш ийүү жөнүндөгү талаптарын аткарбай койгон.

XS
SM
MD
LG