Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:27

Британиялык банктын Түркиядагы кеңселеринин сыртында жарылуу болду


Жарылуу Түркияга Британиянын өкмөт башчысы Тони Блэр келээрдин жуп алдында болуп олтурат. Маалыматтарга караганда, өткөн түнү Британиянын HSBC деп аталган банкынын Анкара жана Стамбул шаарларындагы бөлүмдөрүнүн сыртында анча күчтүү эмес кеминде үч бомба жарылган. Жарылуулардан банктын имараттарына гана бир аз зыян тийди. Тони Блэр кыска иш сапы учурунда Түркиянын Европа Биримдигине кошулуу мүдөөсүнө колдоо көргөзүп, расмий Анкара менен Ирактагы кырдаалды талкуулары күтүлүүдө. Былтыр ноябрь айында Стабулда Британияга жана жөөттөргө караштуу жерлерде жасалган жарылуулардан кемиде алтымыш бир адам каза тапкан. Ал үчүн ал-Каида менен байланышы бар түркиялык исламчыл уюм айыпталган болчу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG