Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:45

Соня Ганди Индиянын премьер- министринин кызматына колдоо алды


Индиядагы парламенттик шайлоодо жеңип чыккан Улуттук конгресс партиясына өнөктөш болчу 19 саясий партиянын өкүлдөрү кечээги жыйынында премьер-министрлик кызмат үчүн Соня Гандинин талапкерлигин бир добуштан колдошту. Ал бүгүн Индиянын президенти Абдул Калам менен кездешип, өкмөт курууга уруксат алаары күтүлүүдө. Соня Ганди лидерлик кылган Улуттук конгресс партиясынын шайлоодогу жеңиши күтүүсүз болгон эле. Ал коалицияга кирүүчү башка партиялар менен бирдикте 543 депуттан турган Индия парламентиндеги орундардын басымдуу бөлүгүн көзөмөлдөөнү көздөөдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG