Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:14

Иракта коалициялык аскерлер менен Моктада ас-Садрдын согушкерлеринин урушу уланууда


Ирактык дарыгерлердин маалыматы боюнча, маселен Кербала шаарындагы урушта бир адам мерт болгон, бул жерде кечээ 1000дей киши АКШнын оккупациясына каршы демонстрация өткөрдү. Италиянын ANSA маалымат агенттигин кабарына караганда, Насирия шаарындагы уруштарда италиялык алты жоокер жаракат алган. Шаардын базарына артиллериялык снаряд түшүп, андан кеминде 20 адам жарадар болду. Багдадда болсо козголоңчулардын огунан АКШ баштаган коалицияда иштеген үч ирактык аял каза тапкан. Моктада ас- Садрдын баш кеңсеси жайгашкан Нажаф шаарындагы уруштарда эки ирактык мер болгону кабарланды. Кечээ Моктада ас-Садрга колдоо көргөзүү үчүн Нажаф шаарына Фаллужадан ирактык суниттердин делегациясы келди. Ирактык мусулмандардын бул эки агымынын адатта атаандашып жүргөн мүчөлөрү азыр алар бир душманга каршы күрөшүп жатканын айтышууда. Ирактык динаятчылар ассоцияциасынын лидерлеринин бири Фаузи ал-Кубайси буларды билдирди:

- Эгер Нажаф шаары суранса, мусулман динаятчыларынын ассоцияциасы өз карамагындагылардын баарын берүүгө даяр. Себеби Нажаф менен Фаллужа бир жер, бир маселе. Биз баарына кайыл болууга макулбуз.

АКШнын Мамлекеттик катчсы Колин Пауэллдин кечээ билдиргенине караганда, коалициялык күчтөр Иракта көп убакытка калат, бирок 30 –июндан кийин бийлик Ирактын жаңы өкмөтүнө өткөрүлүп берилмекчи.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG