Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:52

Израилдин тик учмалары “Фатх” кыймылынын Газа тилкесиндеги бөлүмүнө сокку урду


Маалыматтарга караганда, палестин лидери Ясир Арафат лидерлик кылган "Фатх" кыймылынын Газа секторундагы бөлүмүн Израилдин тик учмалары ракета менен кеминде беш ирээт атты. Жөөт тарап бул чабуул боюнча азырынча эч кандай комментарий бере элек. Израилдин тик учмалары Газа тилкесиндеги буталарга акыркы күндөрү буга чейин да бир нече ирээт сокку урган эле. Израил армиясынын Генералдык штабынын башчысы Моше Ялондун кечээ билдиргенине караганда, Газа тилкесинин түштүк тарабынан палестиндерге караштуу жүздөгөн турак үйлөр буздурулат. Мунун алдында Израилдин Жогорку Соту үйлөрдүн буздурулушуна тыюу салган мурдагы чечимин жокко чыгарган болчу. Анын аралыгында Израил Газа тилкесинде палестин качкындарынын Рафах лагеринен бир нече үйдү сүздүрүп салды. АКШнын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэллдин айтымында, Вашингтон Израилдин мындай аракетине каршы:

- Биз Рафахта үйлөрдүн буздурулушуна каршыбыз. Биздин оюбузча бул натыйжалуу эмес. Биз Израил өзүн коргоого укуктуу экенин билебиз. Бирок биз алар Рафахта колдонуп жаткандай чараларга каршыбыз.

Израилдин айтымында, буздурулган үйлөр палестин террорчулары тарабынан пайдаланылып келген жана алар мындай чарага коопсуздук жүйөөсүнөн улам барууда. Бүгүн Берлинде АКШ президентинин Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Кондолиза Райс палестин премьери Ахмед Корейи менен жолугаары күтүлүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG