Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:20

«Алга, Кыргызстан» саясий партиясы Караколдо кеңешме өткөрдү


КАРАКОЛ. Иш чарага бул партиянын жер-жерлердеги бөлүмдөрүнүн башчылары, финансы, саламаттыкты сактоо тармагынын өкүлдөрү катышты. Кеңешмеде "Алга, Кыргызстан" биримдик жана өнүгүү партиясынын "Бай улут, күчтүү Кыргыстан, улуттун саламаттыгы үчүн" деп аталган жаңы долбоордун максаты тууралуу маалымат берилди. Аталган партиянын Ысыккөл, Нарын облустары боюнча уюштуруу бөлүмүнүн катчысы Асанкул Искаковдун айтымында, "Бай улут, күчтүү Кыргызстан" долбоору жаңыдан иш баштаган жер-жерлердеги ишкерлердин экономикалык сабатын жогорулатуу максатын көздөйт жана фермерлерге, дыйкан чарбаларына финансылык жардам берүүгө көмөктөшөт. Ошондуктан бул долбоорду ишке ашыруу үчүн финансылык институттар менен кызматташып, алакалаш иштешүү демилгелери көтөрүлүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG