Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:13

Бейөкмөт уюм өкүлдөрү пикет өткөрүштү


БИШКЕК. 17-майда Бишкекте өкмөт үйүнүн алдында тынч чогулуш, нааразылык акциясы учурунда атуулдардын тартип коргоо органдары тарабынан кармалып, камакка алынышына каршы талабы менен пикет өткөрүлдү. Ага бир катар бейөкмөт уюмдардын, саясий партиялардын онго жакын өкүлдөрү катышышты. Атуулдук коомдун өкүлдөрүнүнүн мындай кадамга барышына, укук коргоочулардын жана атуулдардын нааразылык акцияларын өткөрүүдө тартип коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз кармалып, сот жообуна тартылышы себеп болгон. Пикетчилер менен президенттик администрациясынын коргоонуу жана коопсуздук бөлүмүнүн жооптуу кызматкери Калыбек Айталиев, өкмөттүн юридикалык бөлүмүнүн башысынын орун басары Дмир Оңолбеков жолугушту. Алар пикетчилердин талабын мамлекет башчы жана өкмөт жетекчисине маалымдай тургандыгына убада беришти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG