Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:39

Кыргыз-кытай өкмөттөр аралык комиссиясы Пекинде жыйын курат


БИШКЕК. 18-майдан 22-майга чейин Кытайдын Пекин шаарында соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-кытай өкмөттөр аралык комиссиянын алтынчы жыйыны болот. Тышкы иштер министрлигинен бүгүн алынган маалыматка караганда, кыргыз делегациясын комиссиянын теңтөрагасы, Тышкы иштер министри Аскар Айтматов жетектеп барат. Анда эки өлкөнүн жетекчилери менен өкмөт башчылары тарабынан өткөн жылы кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруу, тактап айтканда, транспорт катнашы,энергетика, Кыргызстандын аймагындагы кендерди иштетүү, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тууралуу сүйлөшүү болот. Андан тышкары Кытай-Кыргызстан-Өзбекстандын ортосундагы темир жолду куруу,Ош-Сарыташ-Иркештам автожолун оңдоо маселеси да талкууланат.

XS
SM
MD
LG