Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:38

Ч.Алиевдин өлүмүнө байланыштуу А.Атамбаевдин жан сакчысы кармалды


БИШКЕК. Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин кызмат абалынан пайдаланып жасалган кылмыштарга каршы күрөшүү башкармасынын башчысы Чыныбек Алиевдин өлтүрүлүшүнө байланыштуу «Форум» өндүрүштүк бирикмесининин президенти Алмаз Атамбаевдин жан сакчысы Эркин Мамбеталиев камакка алынып, ишкананын кеңсеси тинтилди. Алмаз Атамбаевден бүгүн алынган маалыматка караганда, жан сакчысынын камакка алынышы аны абдан бейпайга салып турат. Анткени, атайын кызматтын майору, буга чейин өлкө президентинин мамлекеттик күзөт бөлүмүндө иштеген адамдын өтө чуулгандуу кылмышка тиешеси бар деп шектелгендиги өкүнүчтүү. Алмаз Атамбаев «эгер Эркин Мамбеталиевдин күнөөсү болсо сөзсүз жазасын алыш керек» деген ниетте экендигин билдирди. Чыныбек Алиевди аткандар түшкөн «БМВ» маркасындагы автомашина өткөн бейшемби күнү «Форум» ишканасынын короосунан табылган. Ал эми Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы бул факт боюнча, азырынча эч кандай маалымат берилбесин билдирди.

XS
SM
MD
LG