Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:42

ӨКМӨТТҮ КЫЗМАТТАН КЕТИРҮҮ АРАКЕТИ ИШКЕ АШПАДЫ


17-майда Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны өткөн жылы кабыл алынган токтомдун өкмөт тарабынан аткарылышына байланыштуу маселени кароону улантып, анын жыйынтыгында дагы бир токтом кабыл алды. Бирок токтомдогу өкмөттү кызматтан кетирүүнү талап кылган берене жетиштүү добуш ала алган жок.

Мыйзам чыгаруу жыйыны дүйшөмбүдөгү талкууунун жыйынтыгында бир нече беренеден турган токтом кабыл алды. Анын биринчи беренесинде, премьер-министр Николай Танаевдин жана анын орун басары Кубанычбек Жумалиевдин табыйгый кырсыктардын алдын алуу боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалыматын кабыл алуу белгиленди. Ал эми бул багытта өкмөт тарабынан аткарылган иштерди канааттандырарлык эмес деп табуу тууралуу экинчи берене өтпөй калып, ал, өкмөт тарабынан жасалган аракеттер жетишерлик эмес деген формулировка менен алмаштырылды. Өкмөттү кызматтан кетирүү талабы камтылган үчүнчү беренеге 13 гана депутат макул деп добуш бергендиктен өтпөй калды. Андан сырткары токтомго депутат Адахан Мадумаровдун сунушу менен табыйгый кырсыктардын алдын алуу жана андан жабыркаган адамдарга жардам көрсөтүү боюнча бюджеттен каражат бөлүү, ал үчүн быйылкы жылдын бюджети тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү өкмөткө сунушталды.

Мындай маанидеги токтом кабыл алынганга чейин депутаттар өлкөдөгү өзгөчө кырдаалдар жана аны четтетүүнүн жүрүшү боюнча сөз сүйлөштү. Депутаттар Иса Токоев, Бакыт Иманкулов, Тажиниса Абдрасулова жана башкалар өкмөттү кызматтан кетирүү демилгеси орунсуз көтөрүлүп жатат деген көз карашын билдирди. Жыйындын төрагасы Абдыганы Эркебаев да ушундай пикирде болду:

- Ооба, өкмөт Мыйзам чыгаруу жыйынынын токтомун толук өлчөмдө аткарган жок. Бирок өкмөт жана Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жакшы иштер да жасалды. Аны акыйкат үчүн моюнга алыш керек. Ошондуктан мен ушул маселе боюнча өкмөттү кызматтан кетирели дегенге каршымын.

Мындай пикирлерге каршы Адахан Мадумаров буларды билдирди:

- Эгерде биз өзүбүз кабыл алган токтомдун бир да бөлүгүн аткарбаган өкмөт мындан ары да эптеп тура берсин деген позицияда болсок, ага каршы эмесмин. Андай болгон күндө Мыйзам чыгаруу жыйыны катары мыйзамдарды эмне үчүн кабыл алабыз.

Мындай карама-каршы пикирлер айтылгандан кийин премьер-министр Николай Танаев өкмөт тарабынан жасалып жаткан иштер тууралуу корутунду маалымат берди. Анын айтымында, өлкөдө1817 үйбүлө көчүрүлүүгө муктаж. Аларды көчүрүүгө бөлүнүп жаткан каражаттын көлөмү жыл сайын өсүүдө. Быйылкы жылы Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигине бөлүнгөн 309 миллион сомго кошумча 100 миллион сомдон ашуун каражат бөлүү мүмкүнчүлүгү табылууда. Андан сырткары Азия өнүктүрүү банкы 1миллион доллар грант, Дүйнөлүк банк Майлуусуудагы уу калдыктарын зыянсыздандырууга 12 миллион доллар, Кажысайдагы уу калдыктарын жоюуга АКШ тарабынан 500 миң доллар бөлүнүп жатат. Буларды баары өкмөттүн өзгөчө кырдаалдардын алуу багытында жасап жаткан иштеринин бир багыты, деп белгиледи Николай Танаев.

Андан кийин корутунду сөз сүйлөгөн Мыйзам чыгаруу жыйынынын коопсуздук комитетинин төрагасы Исмаил Исаков парламенттин өткөн жылкы токтомун өкмөт аткарбагандыктан, ал көптөгөн атуулдардын өлүмүнө алып келди. Ошондуктан өкмөттүн кызматтан кетүүсүн талап кылган берене токтомго киргизилди деп буларга токтолду:

- Чындыгында урматтуу депутаттар, сиздер кабыл алган токтом кабыл алынган жок. Бүгүнкү күндө бир эле Алай районунда 2001-жылга чейин эле үйүн буздуртуп алып, үй сала албай жүргөн адамдар саны 150. Андайлар Нарында 50 чакты, Баткен облусунда, Каракулжа районунда бар. Буга кандай баа бересиңер урматтуу коллегалар? Биздин токтомдо коркунучтуу жерлерге көзөмөл жүргүзгүлө деп айтылган. Бирок ага карабай 33 адам өлүп кетти. Буга кандай баа бериш керек? Ушуга жол бергендерге анда биринчи даражадагы«Манас» орденин берүүгө, же Кыргызстандын баатыры деген наамга көрсөтүүгө жазыңыздар.

Бирок добуш берүүдө Исаковдун мындай жүйөөлөрү эске алынбай, өкмөттү кызматтан кетирүү талабы колдоо тапкан жок.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG