Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:10

Сони Ганди өкмөт түзүүгө даяр


ДЕЛИ. Шайлоодо жеңип чыккан Бүткүл индиялык конгресстин жетекчиси Сони Ганди бүгүн расмий түрдө өкмөт түзүүгө уруксат сурап өлкөнүн президенти Абдул Карамга кайрылды. Ал кечээ коалиция түзүү боюнча башка партиялар менен сүйлөшүү жүргүзгөн болчу. Маалыматтарга караганда, өлкөдөгү 2 ири коммунисттик партия "Конгресс" менен коалицияга кирүүдөн баш тарткан. Бирок алар аны менен тыгыз иштешүүгө убада беришкен.

"Бүткүл индиялык конгресс" жакында өткөн парламенттик шайлоодо жеңип чыккан менен парламенттеги орундардын көпчүлүгүн ала албай калган. Ал өкмөт түзүү үчүн башка партиялар менен коалицияга кирүүгө аргасыз.

Индиянын фондулук биржасында акциялардын баасынын төмөндөөсү токтоду. Ал мурдагы өкмөт башчы Важпайи жетектеген партия шайлоодо жеңилгенден кийин 15% төмөндөп кеткен болчу.

XS
SM
MD
LG