Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:39

Евопа биримдиги өзүнүн Конституциясын талкуулап жатат


БРЮССЕЛ. Евробиримдиктин жетекчилери өздөрүнүн авиа учуулары тууралуу АКШнын бийликтерине маалымат берип туруу келишимин бекитти. 2001-жылдын 11-сентябрынан кийин Вашингтон муну Европа биримдигине кирген өлкөлөрдөн талап кылып жатат. Еврокеңеш болсо, бул келишимге таптакыр каршы. Алар бул жеке турмушка кийлигишүү болуп эсептелет дешет.

Европа биримдигинин тышкы иштер министрлери бүгүн Брюсселде чогулушуп, биримдиктин Конституциясын талкуулоону башташты. Алар биримдикке кирген өлкөлөрдүн лидерлеринин 17-июнда боло турган жолугушуусуна чейин Конституциянын текстин иштеп чыгуулары зарыл.

Конституциянын тексти 2000-жылы да Францияда талкууланган. Бирок анда Испания жана Польша “даярдалган Конституциянын долбоорунда Францияга жана Германияга көп укук берилип калды” деп, талаш чыгып, ал бүтпөй калган.

Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери ирактык туткундарга карата колдонулган кыйноолорду айыптаган чечим кабыл алаары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG