Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:43

Палестиналыктар Рафахтан качып чыгууда


ГАЗА. “Израилдик аскерлер Газа тилкесинде жайгашкан Рафах шаарына чабуул койгону жатат” деген кабар тарап, палестиналыктар шаардан качып чыгып жатышат. Шаар Израилдин танкалары менен курчалып турат деген да маалымат бар.

Израилдин аскер жетекчилери “Рафах менен Египетти туташтырган туннель бар, ал аркылуу палестиналыктарга курал келип турат” деп айтышууда.

Кечээ Израилдин жогорку соту Газа тилкесинин түштүк жагында жайгашкан палестиналыктардын үйлөрүн бузууга уруксат берген чечим чыгарган. Иорданияда экономикалык форумга катышып жаткан АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл кечээ Рафах лагериндеги качкындар жайгашкан үйлөрдү талкалоого АКШ каршы экендигин билдирген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG