Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:51

ЫСЫККӨЛДӨ ЭЛ АРАЛЫК ТУРИСТТИК ЖАРМАҢКЕ ӨТТҮ


Туристтердин келип эс алуучу жайы Ысыккөл болгондуктан ар жыл сайын «Кыргызстандагы эс алуу жана туризм» аттуу эл аралык жармаңке өткөрүү салтка айланып баратат. Быйылкы ал Бостеридеги «Кыргыз деңизи» санаторийинде болду.

Быйыл алтынчы ирет өткөрүлгөн жарманкеге Орусия жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн турфирмалары чакырылды. Алар көл жээгиндеги 120 эс алуучу жай, пансионаттардын жетекчилеринин катышуусу менен туризм боюнча рекламалык иш-аракеттерди жүргүзүп, жолдомолорун сатууга мүмкүндүк алышты.

Казакстандан 200дөн ашуун турфирмалардын жетекчилери, туроператорлор жана журналисттер келишти. Былтыркы жармаңкеде 5 миллион сомдук жолдомолор сатылса, быйыл андан дагы көп келишимдер түзүлгөнүн адистер болжошууда.

Быйылкы туристтик жармаңкенин өзгөчөлүктөрү тууралуу туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Өкмөтбек Алмакүчүков мындай дейт:

- Мурдагы жармаңкелерге коңшу өлкөлөрдөн өкүлдөр келишсе, бул жолу алардан сырткары Индия, Пакистан, Түркия, Кытай жана башка мамлекеттерден келишти. Ошондой эле чет мамлекеттердин биздеги элчиликтеринин өкүлдөрү да катышты. Жылдан жылга бул жармаңкенин кулачы кеңири жайылып баратат. Меймандар жаңы жабдылган эс алуучу жайлар менен таанышууга мүмкүндүк алышты.

Жармаңкедеги пресс-конференцияда премьер–министри Николай Танаев коңшу өлкөлөрдүн туристтери үчүн тоскоол болгон бажы, виза, МАИ кызматтарынын маселелери каралып, оң чечилээрин белгиледи.

Жармаңкеге катышкан кичи ишканалар тейлөө кызматын жакшыртууга жаңы сунуштар, табылгалар менен келип жатканын Ысыккөл районунун акими Жангазы Акматов билдирди:

- Ысыккөлдө саламаттыкты чыңдоочу 100гө жакын эс алуучу жайлар бар. Анын бешөө гана жыл бою иштейт. Жайкы эс алуу сезонунда 50дөй пансионат, эс алуучу жайлар туристтерди, калкты кабыл алып, кызмат көрсөтөт. Алар жармаңкеде чет өлкөлүк турфирмалар менен келишим түзүп, жолдомолорун сатууга мүмкүндүк алышты. Мына ушул жармаңкеде ар бир район өзүнчө боз үйлөрдү тигип, элдик кол өнөрчүлөрдүн буюмдарынын көргөзмөсү дагы коюлду. Туризм тармагын тейлеген кичи ишканалардын жаңылыктарынын бетачары да болду.

Ошондой эле жармаңкенин катышуучулары жаңы уюшулган эс алуу жайлары менен таанышууга мүмкүндүк алышты. Туристтик тармакты тейлеген «Биор», «МЭБ», «Трамполит» жана башка ишканалардын жаңы технологиялары менен таанышуу болуп, 9 жаңылыктын бетачары өткөрүлдү.

Жармаңке учурунда «Тейлөө тармагынын сапаты туристтердин көзү менен» деген семинар дагы өттү. Анда Казакстандан келген турфирмалардын жетекчилери олуттуу дооматтарды айтышты. Алматы шаарынын туризм департаментинин директору Жанабай Кайсенов мындай деди:

- Ысыккөл жөнүндө рекламалык каталог чыгаруу керек. Туристтер же туроператорлор көлдөгү бардык эс алуу жайларын кыдырууга мүмкүндүгү жок. Эгер каталог чыкса ар ким чөнтөгүндөгү каражатына жараша эс алуучу жайды өздөрү тандап алууга мүмкүн болмок. Тилекке каршы, Алматыда өткөн туристтик жармаңкелерге Кыргызстандан, айрыкча Ысыккөлдөн бир дагы пансионаттын жетекчилери катышпай жатышат. Көлдөгү эс алуучулардын 70-80 пайызы алматылыктар болгондуктан реклама, маркетинг кызматы жакшы деңгээлде иштебей жатат. Мындай жармаңкеге Орусиядан жана Борбор Азиядан көп турфирмалар келбейт, ошондуктан аларды «үйгө» чакырбай, ошол аймактардагы завод- фабрикаларга көлдөгү эс алуучу жайлардын өкүлдөрү барып, алардын жармаңкелерине катышып, жолдомону ошол аймактарда сатуу керек. Биз жаңыча иштөө менен советтик көз караш, мамилени таштап, кардар үчүн өзүбүз барышыбыз зарыл.

Жайында Ысыккөлдө канча адам эс алганын так айтууга да мүмкүн эмес. Бажы кызматындагылардын маалыматы боюнча, былтыр 1,5 миллион эс алуучу келсе, туризм, спорт комитети 800 миңден ашуун адам эс алган дейт.

Быйыл ошондуктан, өкмөт тарабынан сунушталып, туристтер үчүн анкеталык сурамжылоо баракчасы киргизилип жатат.

Шарты жана жеңилдиктери боюнча жеке сектор эс алуу жайларын жеңип баратканын, жергиликтүү калк дагы туризмди өнүктүрүүгө кызыкдар экенин Бостери айылынын тургуну Жеңиш Урманбетов минтип белгиледи:

- Ысыккөлдө элиталык туризмди өнүктүрүүгө басым жасоо керектигин облустун губернатору Токон Шайлиева айтп жатат. Быйыл туристтик сезонго даярдык эрте көрүлө баштады.

Жармаңкенин катышуучулары Ысыккөлдөгү кайра жабдылган айрым эс алуу жайлары менен дагы таанышууга мүмкүндүк алышты.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG