Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:20

Башкаруу кеңешинин төрагасынын өлтүрүлүшү Иракта бийликтин өткөрүлүп берилишин кечеңдетпейт


Бул тууралуу АКШ президенти Жорж Буштун билдирүүсүндө айтылган. Президент Буш менен катар эл аралык коомчулуктун башка лидерлери да Багдаддагы кечээги терракты кескин айыпташты. АКШ баштаган коалициянын Багдаддагы кеңсесинине өткөрүүчү көзөмөл бекетте жанкечти тарабынан жасалган жардыруудан Ирактын Башкаруу кеңешинин төрагасы Абдул Захра Отман Мохаммад же экинчи аты Иззедин Салим жана андан башка кеминде алты адам каза тапкан эле. Иззедин Салим - Ирактын Башкаруу кеңешинин кол салуунун аркасында өмүрүнөн айрылган экинчи мүчөсү. Бул кол салуу үчүн жоопкерчиликти "Араб каршылык көргөзүү" кыймылы деген мурда белгисиз уюм өзүнө алды. Ирактын Башкаруу кеңешинин жаңы башчысы Гази Машал Аджил ал-Явер буларды белгиледи:

- Бул - чакырык жана биз аны кабыл алдык. Ирактын суверенитетин калыбына келтирип, өлкөнү кайра куруу жараянын улантууга бүгүн кечээгиден көбүрөөк чечкиндүү болуп турабыз.

АКШ баштаган коалиция бийликти Ирактын утурумдук өкмөтүнө 30-июнда өткөрүп бермекчи.

XS
SM
MD
LG