Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:03

19-майга аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Аба ырайы боюнча шашылыш билдирүү!
Синоптиктердин маалыматына караганда, 19-майдан 24-майга чейин республиканын тоолуу аймактарында жана тоо этектеринде сел жүрүшү күтүлөт.

19-майда күндүз өлкөнүн көпчүлүк жерлеринде кыска мөөнөттө жамгыр жаап, күн күркүрөйт.

ЧҮЙ облусунда абанын температурасы түнкүсүн +15…+20 градус жылуу, күндүз +25…+30 градус ысык.
ТАЛАСТА түнкүсүн +13…+18, күндүз +24…+29 градус.
БАТКЕН, ОШ, ЖАЛАЛАБАД чөлкөмдөрүндө түнкүсүн +17…+22, күндүз +27…+32 градустун айланасында.
ЫСЫККӨЛДӨ түнкүсүн +8…+13, күндүз +18…+23 градус жылуу.
НАРЫН өрөөнүндө түнкүсүн +7…+12, күндүз +20…+25 градус.
БИШКЕКТЕ өткүн өтөт. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +28…+30 градус ысык.

Жаңылыктар топтомун Бүбүкан Досалиева, Бакыт Аманбаев жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Аба ырайы тууралуу маалымат менен Алина Кангелдиева тааныштырды.

Редактор - Кубат Оторбаев.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG