Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:52

Нарында М.Субакожоев атындагы кыргыз-түрк лицейинин жаңы имараты ачылды


НАРЫН. Аталган лицей 1990-жылдын 4-октябрында Нарын шаарындагы Токтогул атындагы орто мектептин эки кабат окуу корпусунда уландар үчүн жатак мектеп-лицей тибинде ачылган. Ал эми өткөн жылы октябрь айында кыргыз өкмөтүнүн буйругуна ылайык лицейге беш кабаттуу кесипчилик окуу жайынын имараты берилген. Бул имаратты реконструкциялоого Голландиядагы "Нема" коому 320 миң доллар каражат жумшаган. Түркиядагы "Саман жол", "Гүл тегин", Бишкек шаарындагы "Нур" фирмалары жабдуу эмеректерди демөөрчү катары берген. Лицейдин бүтүрүүчүлөрү азыр Түркияда, Москвада, Германияда, Англияда, Кытайда жана өлкөбүздүн жогорку окуу жайларында билим алышууда. Бул тууралуу имаратты ачуу салтанатында айтылды.

XS
SM
MD
LG