Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:49

Укук коргоочулар мамлекет башчысына кайрылуу жолдошту


БИШКЕК. Кыргызстанда тынч чогулуш, митинг өткөрүүгө жергиликтүү бийликтен уруксат алуу абдан кыйын. Аткаруу бийлиги жарандык коомдун өкүлдөрүнүн митинг, чогулуш өткөрүү демилгесине уруксат берүүдөн дайыма баш тартып келет. Маселен, соңку жети айдын аралыгында Бишкек шаарында митинг өткөрүү демилгесине бир да жолу уруксат берилген эмес, натыйжада 50 жолу уруксат берилбеген митинг өткөрүлгөн. Мындай маалымат жазылган кайрылууну бүгүн «Кылым шамы», «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмдары жана дагы он эки бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү мамлекет башчы Аскар Акаевге, Жогорку Кеңештин депутаттарына жолдошту. Кайрылуу ээлери мамлекет башчысынан жарандардын тынч чогулуш өткөрүү боюнча конституциялык укугунун сакталышына көмөк көрсөтүүнү, ал эми депуттарды өлкөдө митинг, жыйналыш өткөрүү жөнүндөгү мыйзамды эл аралык талапка ылайык оңдоп чыгууну өтүнүштү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG