Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:13

Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратты


БИШКЕК. "«Комсомольская правда» газетасынын 14-майдагы санында тышкы иштер министри Аскар Айтматов тууралуу жазылган макаланын мазмуну чындыкка төп келбейт. Макалада жазылган дооматтар министр Аскар Айтматовго жалган жалаа жаап, анын кадыр-баркын кетирүүгө багытталган" деген мазмундагы билдирүүнү бүгүн тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы таратты. «Комсомольская правда» гезитинин 14-майдагы санында тышкы иштер министри Аскар Айтматов тууралуу макала басылып, анда министрдин түздөн түз кийлигишүүсү менен дипломатиялык паспорттор жана визалар сатыла тургандыгы, аталган министрлик бюджеттен бөлүнгөн каражатты максатсыз колдонгондугу тууралуу маалымат жазылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG