Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:29

Эмилбек Анапияев кызматынан бошотулду


БИШКЕК. Кыргызстандын президентинин Ысыккөл облусунда курорттук эс алуу аймагын өнүктүрүү боюнча министр макамына ээ атайын өкүлү Эмилбек Анапияев ээлеген кызматынан бошотулду. Ага негиз берген буйрукка президент кол койгондугун бүгүн мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди. Президенттин атайын өкүлдүгүнө ушул жыл башында дайындалган Анапияевдин кызматтан бошотулушуна башкы прокурор Мыктыбек Абдылдаевдин Акыйкат башкаруу боюнча улуттук кеңештин отурумунда берген маалыматы негиз берди. Башкы прокурор анда Анапияев Ысыккөл облусунун губернатору болуп турган кезде мамлекеттик каражатты мыйзамсыз пайдалангандыгы үчүн кылмыш иши ачылгандыгын жана казынага 2 миллион 300 миң сомду кайтарып бергендигин билдирген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG