Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:15

Франциянын парламенттик делегациясы Бишкекте


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев, Эл өкүлдөр палатасынын спикеринин орун басары Сооронбай Шарипов Франциянын Сенатынын «Франция-Борбор Азия» аттуу парламенттер аралык тобунун төрагасы Франсуа Трюси баштаган делегация менен жолугушту. Жолугушууларда эки өлкөнүн ортосундагы катнаш жана парламенттер аралык кызматташуу тууралуу сөз жүрдү. Франциялык тарап өз өлкөсүнүн антитеррористик коалиция тутумунда Ганси авибазасында кызмат кылып жаткан жоокерлеринин жакшы кабыл алынганы үчүн ыраазылык билдирди. Франциялык делегация өкүлдөрү андан тышкары Кыргызстандын парламентинин эки палатадан бир палатага өткөрүлүп жаткандыгына кызыгышты.

XS
SM
MD
LG