ГРОЗНЫЙ. Чеченстанда россиялык аскерлерди ташып бараткан аскердик машине минага кабылып жарылып кетти, андан 6 аскер курман болду. Ал эми кечээ чечен козголоңчуларынын кол салуусунан россиялык 11 солдат жана бир чечен милиционер жан таслим болгон. Чеченстандын коопсуздук кызматынын айтымында, чечен милициясынын машинеси минага жана ага удаа буктурмадан кол салууга кабылган. Андан көп өтпөй, милиционерлерге жардамга ашыккан россиялык аскерлердин машинеси да минага кабылып, аткылоого дуушар болгон.