Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:12

Соня Ганди премьер-министрликке талаптанбай турганын билдирди


НЬЮ-ДЕЛИ. Индиянын "Улуттук конгресс" партиясынын төрайымы Соня Ганди премьер-министрликке талаптанбай турганын билдирди.

- Премьер-министр болуу менин максатым эмес. Кызмат тандоодо ички аң-сезимимдин буйругуна кулак салам. Бүгүн менин аң сезимим "премьерлик кызматтан баш тарт" деп жатат, –деди Ганди.

Ал премьерликке кимдин талапкерлигин колдой турганын айткан жок. Бирок айрым кабарларга караганда, Ганди мурдагы финансы министри Манмохан Сингхти колдоп чыгышы мүмкүн. Өткөн жумада Индиянын "Улуттук конгресси" парламенттик шайлоодо жеңип чыккан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG