Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:33

Ас-Систани Нажафтагы жана Кербаладагы салгылашууларды токтотууга үндөдү


БАГДАД. Ирактын шийи мусулмандарынын лидери аятолла Али ас-Систани Нажаф жана Кербала шаарларындагы салгылаштарды токтотууга үндөдү. Мусулмандардын ыйык туткан жайлары жайгашкан бул чөлкөмдө өткөн жумадан бери америкалык аскерлер менен шийи лидери Моктада ас-Садрдын согушкерлеринин айыгышкан салгылаштары жүрүп жатат.

Анын аралыгында, Ирактагы жагдайдын курчуп кеткенине байланышту АКШ Иракка Түштүк Кореядагы аскерлеринин бир бөлүгүн которгону жатат. Бул маселе боюнча Вашингтон менен Сеулдун ортосунда сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Түштүк Кореянын тышкы иштер министри Бань Ки Мун:

- Мен бул чара америкалык күчтөрдүн жардамы менен түзүлгөн коргонуу тилкесин чабалдатпай турганына ишенем,- деп айтты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG