Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:51

Бийлик ирактыктарга пландаштырылган убакта өткөрүлүп берилет


БАГДАД. АКШнын Ирактагы администрация башчысы Пол Бремер Ирактын Башкаруу кеңешинин төрагасы Иззадин Салимдин кечээ киши колдуу болуп өлгөнүнө карабастан бийлик ирактыктардын өздөрүнө пландаштырылган мөөнөттө өткөрүлүп берилээрин билдирди. Бремер бул билдирүүнү жанкечти жасаган жардыруудан курман болгон Салимдин тажыясында жасады.

Жаңы төрага болуп шайланган суннит мусулман Гази Ал-Йавер Ирактагы бийлик ирактыктардын өздөрүнө өткөрүлүп бериле турган 30-июнга чейин Башкаруу Кеңешин жетектейт. Салимдин өлтүрүлүшүн кошуна Иран сынга алып, АКШны анын коопсуздугун камсыз кыла албаганы үчүн айыптады.

XS
SM
MD
LG