Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:25

УЛУТТАР АРАЛЫК ЫНТЫМАКТЫН УҢГУСУ БЕКЕМБИ?


Президент тарабынан көтөрүлгөн “Кыргызстан - жалпыбыздын үйүбүз» деген ураан алдында өлкөдө улуттар аралык саясат жүргүзүлүп келатат. Ошол эле маалда Кыргызстанда жашаган айрым этностордун көптөн бери чечилбей келе жаткан көйгөлөрү да арбын.

Бир катар мамлекеттерге караганда Кыргызстанда улуттар аралык саясат ийгиликтүү жүргүзүлүп келатканы тууралуу көп айтылды. Ошого карабай ушул тапта деле Кыргызстандагы улуттук азчылыктардын толгон-токой маселелери бар.

Алардын укуктары, кызыкчылыктары мамлекетти башкарууда, билим алууда жана коомдук турмушта эске алынып жатабы? Азчылыкты түзгөн этникалык топтор менен башка улуттардын өкүлдөрү өздөрүн кандай сезишет? Бул тууралуу пикирин сурап Кыргызстан калкы ассамблеясынын төрагасынын орун басары Касым Чаргыновго кайрылдык. Анын айтымында, президент Акаев көтөргөн “Кыргызстан - жалпыбыздын үйүбүз” деген ураандын алдында улуттук азчылыктарга өтө жакшы, адамгерчиликтүү мамиле жасалып келатат. Ошол эле маалда, айрым этностордун көптөн бери чечилбей келе жаткан проблемалары да жок эмес:

- Толуп жаткан толгон проблемалар бар. Мисалы үчүн, күрттөрдүн өз тилинде китептери жок. Ар бир улуттун өздөрүнүн кадрлары керек. Бизде кудайга шүгүр, өзбектердин ахыбалы дурус. Тажиктердин 2 мектеби бар. Бирок эң негизгиси – бул китеп чыгаруу маселеси болуп жатат. Советтик мезгилде көп улуттар өз улутунда болбой калган да, түрктөр паспортунда азербайжан болуп жазылып калган, Өзгөндөгү уйгурлар өзбектер болуп жазылып калган.
Азыр жаны паспорт алабыз деп жатпайбызбы. Улутун жазбай коёбуз деген болбой калат, тескерисинче, ар бири өзүнүн улутун алсын.


Касым Чаргыновдун маалыматы боюнча, Кыргызстандагы калктын 64 процентин кыргыздар, 13 процентин өзбектер, 12 процентин орустар түзөт. Жалпысынан өлкө аймагында 118 этникалык топтун жана 80ден ашуун улуттардын өкүлдөрү жашайт.

Ар бир этникалык топтун өзүнө гана таандык өзөчөлүктөрү, проблемалары бар. Касым Чаргынов кыргызстандык өзбектердин абалы дурус дегени менен өзбек улутунун өкүлү, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тахир Садыков өзбектердин дагы чечилбеген маселелери көп дейт:

- Биринчи кыйынчылык - өзбектер соода ишин жолдой албай калгандыгы. Азыр чек араны жаап, виза системасын киргизип койгондон кийин, кыйналып жатышат. Канчадан бери айтып жатышат, Ошто бир консулдук ачып койгулачы деп. Өзбекстан Ошто консулдук ачып койсо, кыйынчылык болбойт эле. Чек арадан өтөйүн десе атып жатышат.
Биздин балдарыбыз кайсы жакка барат, Өзбекстанга бара алышпайт, анткени Өзбекстанда латын ариби кирип калган. Кыргыз тилин окуш керек, кыргыз тилин түшүнүш керек. Азыр мектептерде өзбектерге өзүнчө алиппе чыгарса жакшы болот эле.


“Асаба” улуттук кайра жаралуу партиясынын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаров бийлик тарабынан улуттук азчылыктарга баардык шарттар түзүлүп, аларга жакшы мамиле жасалып келатканы менен, өлкөнүн түпкү улуту болгон кыргыздардын проблемалары көңүлдүн сыртында калып жатканын белгилейт:

- Кыргызстанда тобо кылыш керек, улуттар аралык проблема жок десем жаңылышпайм. Кыргыз эли илгертеден эле меймандос, атүгүл башка улуттарды төрүнө чыгарып салып, тебелетип келген эл, бүгүн да тебелетип жатат. Кыргыз элинин чыдамкайлыгын, ушундай меймандостугун ашкере пайдаланып, азыр көп башка улуттардын элдери биздин кыргыз элине караганда байыраак, өйдөрөөк жашашат. Руханий–саясый жагынан дагы бийлик тарабынын алар артыкчылыктарга, колдоого ээ болуп келатышат. Мисалы, Кыргызстан элдердин ассамблеясы деген нерсени президент ар үч ай сайын өткөрүп турат. Кыргыз улуту менен, Кыргызстан мамлекетине атын берген элибиз менен бир жолугушуу өткөрдүбү? Жок. Бирок ошого карабай кыргыз эли башка улуттарды сыйлап, урматтап, али андай-мындайга бара элек.
XS
SM
MD
LG