Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:36

ИРАК: КЫРГЫН САЛУУЧУ КУРАЛДЫН ИЗИ ТАБЫЛДЫБЫ?


Президент Жорж Буштун ырастоосунда Саддам Хусейн массалык кыргын салуучу курал программасынан баш тартпагандыгы үчүн АКШ Иракка каршы согуш баштаган. Эски режим кулатылгандан бери 13 ай өтсө да ошондой куралдын ири запастары табыла элек. Кечээ болсо АКШнын аскерий командачылыгы козголоңчулар пайдаланган бомбалар зарин деген уулу газ менен дүрмөттөлгөн деп билдиришти.

Дүйшөмбүдө өткөн пресс-конференцияда Ирактагы коалициянын басма сөз өкүлү генерал Марк Киммит ишемби күнү табылган дүрмөт жөнүндө жарыя кылды:

- Ирак боюнча көзөмөл тобу нерв системасына таасир этүүчү зарин газы менен толтурулган артиллериялык дүрмөт табылганын бышыктады. Дүрмөт АКШнын аскерий конвою тарабынан табылган. Анын жарылуусунан бир аз гана газ абага жайылып кетти.

Дээрлик бир жылдан бери Иракта массалык кыргын салуучу куралды издеп жаткан АКШнын көзөмөл тобу, соңунда далил тапты көрүнөт. Бирок анын көлөмү аз болгондуктан, табылганын мааниси канчалык экенинин айтуу кыйын.

Ирактын өкмөтү БУУга зарин газы 1980-жылдары кошуна Иран менен болгон согушта пайдаланганын айтып келген. Бул уулу газ Ирактын түндүгүндө күрттөргө каршы да колдонулган деп божомолдонууда.

АКШнын коргоо министри Доналд Рамсфелд дүрмөт чындап эле зарин менен толтурулганы тастыкталууга тийиш деп, өтө этият болууга аракеттенди. "Алгачкы тест позитивдүү болуп чыкты, бирок кошумча текшерүү жүргүзүлүп жатат", - деди министр.

Иракта зариндин ири запастары же тыюу салынган дагы башка курал барбы же жокпу азырынча айтуу кыйын.

"Стратегиялык жактан алганда, дүрмөттүн табылышы Саддам массалык кыргын салуучу куралга ээ болгон деп айтууга негиз берет", деп кошумчалады Рамсфелд:

- Биздин жана башка өлкөлөрдүн чалгындоо кызматтарынын маалыматарына караганда, Иракта кыргын салуучу курал бар болчу. Багдад өкмөтү дүйнөгө калп айтып жүргөн. Мунун далилдери да бар. Азыр болсо курал кантип жок болуп кеткенин билбейбиз.

Болжолдо, ишемби күнү табылган дүрмөттөгү зарин эски болгондуктан ал өз кубатын жоготуп койгон. Асссошейтед Пресс АКШнын расмий адамдарына шилтеме жасап маалымдагандай, ошондой жардыргыч затты жөн гана колдо кармоо эле өтө зыяндуу болуп эсептелет. Вашингтондогу Бруукингз институтунун эксперти Майкл О Ханлон табылганын саясий мааниси жөнүндө мындай дейт:

- Биринчиден, табылган куралдын көлөмү аз болгондуктан, согушуунун эмне кереги бар эле деген суроо жаралат. Бирок экинчи жагынан, бул факт Саддамдын химиялык куралы бар болгонун көрсөтөт. Ал куралды жок кылган болсо, демек, АКШ аны соңунда көндүрө алган.

Бирок учурда коалиция аскерлерине коркунуч туудурган зарин же башка уулу газ эмес эле, ирактыктардын арасында өсүп бараткан каршылык болууда.

XS
SM
MD
LG